Menu

Алматыда автобустар кагылышып, 18 киши жабыр тартты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-июлда Алматыда эки жүргүнчү автобус бетме-бет сүзүшүп, салондо отурган кишилер жабыр тартты.

Алматы Салматтык сактоо башкармалыгы билдиргендей, окуя болгон жерге 10 “тез жардам” унаасы барган. Шаардын ооруканасына ар түрдүү жаракат менен 18 киши кайрылган.

Жабыр тарткандардын ичинде үч бала бар. Алдын ала маалыматтар боюнча жол боюнда токтоп турган автобустун тормозу кармабай, жүргүнчү ташып бараткан унааны сүзгөн.

Казакстанда коомдук транспорттун катышуусундагы авариялар ырааттуу түрдө болуп турат. 2017-жылы автобус менен жол тандабас кагылышып, 17 киши жабыр тарткан. Ушул эле жылы августа Орол шаарында эки автобус кагылышып, 58 киши жаракат алган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: