Игорь Шестаков деген саясый аналитик бар. Президенттикке талапкерлер тууралуу сөз кылып, арасынан Ө.Бабанов татыктуу экендигин баса белгилептир. Анын айтымында, парламенттин өткөн чакырылышында саясый лидерлер коалиция түзө албай жатканда Өмүрбек мырза түзүп, элди компромисске, консенсуска алпара аларын көрсөткөн дейт. «Премьер-министр кезинде чагылгандай тез реформаларды жасап, өкмөт жаңы нукта иш алпара баштаган. Эгер Бабанов президент болсо, ал азыркы Атамбаевдин курсун толук улантып кетет. Амбициялуу пландарын айтып жатат, анын эмнеси жаман? Биз эмне, өлкөдө баары жаман болот деген талапкерди колдомок белек» дептир. Шестаков андан ары «мен жана мага окшогон жергиликтүү жана чет өлкөлөлүк эксперттер Бабанов алдыдагы шайлоодо ийгиликти багындырарына көзүбүз жетип турат» дейт. Кыргыздар кырылышып, бири-бирибизди каралап жаткан чакта, орус улутунун өкүлү орундуу сүйлөп коюптур.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ