Menu

Өспүрүмдөр кыз же эркек болорун өздөрү билишет

Бөлүшүү:

Батышта жынысы жок балдарды тарбиялоо учурдун саркеч өнөрүнө айланып баратат. Ушундай кабарды Россиянын Улуттук биринчи каналынын журналисти Ольга Паутова жаңылыктарда айтты. «Бул качан чоң ата менен чоң эне небересинин эркек же кыз экенин билбегенге барабар» дейт журналист.

Анын айтуусу боюнча, мындай экспериментти Голливуд жылдыздары да жасай баштаган. Азыр Американын кай бир штаттарында жүздөгөн окуучулар аларды «ал» дегенде, жынысын көрсөтпөй айтууну талап кылышып, муну алар трансгендерди шылдыңдоо катары түшүнүп жатыптыр. Мындай ойду колдогон ата-энелер наристе чоңойгондо, эркек же аял болууну өзү чечип алат, наристени, өспүрүмдү кыз же бала деп атоо аларга кысым көрсөтүүгө барабар деп жатышкан экен.

Психологдор болсо мындай мамиле балдарга эркиндик бербестен, тескерисинче белгисиздиктен кабатырланууну алып келип, өзүнүн жанын кыюуга чейин алып барышы мүмкүн деп жаткан экен.

Ошентсе да, учурда Американын 10 штатында жынысы көрсөтүлбөгөн паспорттор берилип, гендердик-нейтралдуу адамдар окуган мектептерде кыздарга юбка кийгизүүгө тыюу салып жатыптыр.

Анысы аз келгенсип, «Барби» деген атактуу куурчак чыгарган компания куурчактарга эки түрдүү парик, ошондой эле, кыздын жана эркектин кийимдерин бирге даярдап жаткан экен.

Мына, адамдын ой-жүгүртүүсүн тескебесе, кайда барат. Алар эмне кыларын билбегенде, ушундай «жинди» жашоону ойлоп табышат экен. Мындай окуялар ылайым бизге жакындабай, ошол жакта калсын деп тилейли.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: