Menu

Рыскелди Момбеков: “Баш мыйзам алмашкандан эл эки сом да пайда көрбөйт, пайдасын элита көрөт”

Бөлүшүү:

“Референдум тууралуу мыйзам долбоорунун автору ким экенин билебиз. Капталдан чыга калганды жакшы көрөсүз да. Бирөөнүн таштап кеткен аялын боёнтуп алып тойго ээрчитип барып “менин аялым” десе, эл ишенеби? Эч ким ишенбейт” – деди бүгүн, 9-декабрда депутат Рыскелди Момбеков ЖКнын жыйынында мыйзам долбоорунун демилгечиси Акылбек Жапаровго кайрылып.

“Бачым кабыл алынган мыйзам бул мойнунан байланган итке окшош да. Эми биз баарыбыз мыйзамды буздук. Какшып калган кадырыбызды кайтыш кылып, кабыргасалып жатпайбызбы. Банкрот болгон бактыбызды балталап жокко чыгарып жатпайбызбы. Элге парламенттик же президенттик башкаруунун кереги жок. Баш мыйзам алмашкандан, элдин жашоосу алмашпайт. Байлардын эле жашоосу алмашат, байкуштардыкы алмашпайт. Эл эки сом да пайда көрбөйт, элита көрөт. Эми муну “заказной” деп айтып жатасыңар. Венеция комиссиянын корутундусу “заказнойбу”? Венециялык комиссия азыркы чакырылышты “силердин мөөөтүңөр да, дөөлөтүңөр да жок” деп айтты. Эмне себептен ал комиссиянын корутундусун эске албайбыз? Биз бир эле Жапаровдун сөзүн укпайлыбы? Же экинчи Жапаровдун сөзүн уга беребизби?” – деди депутат.

Эл өкүлү элге акыйкат бийлик менен акылдуу парламент керек экенин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: