Menu

Садыр Жапаровдун апасы Кадижа Максутова дүйнөдөн кайтты, Жапаровго апасына топурак салганы уруксат беришеби?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-мартта абакта жаткан саясый туткун Садыр Жапаровдун апасы Кадижа Максутова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралу Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов социалдык тармактардардын бириндеги баракчасына жазып билдирди:

“Урматтуу достор кайгылуу кабар, эл уулу Садыр Жапаровдун апасы дүйнөдөн кайтты. Энебиздин арты кайырлуу болсун дегенден башка аргабыз жок.

Мен азыр ЖАМКнын жетекчиси Мелис Токтомамбетович Турганбаевдин атына кайрылуу даярдап жатам. Садыр Жапаровдун атасы каза болгондо да топурак салганга уруксат берген эмес эле, бүгүн эч кандай күнөөсү жок, Атамбаевдин репрессиясына туш келген, элдин байлыгын сактап калам деген Садыр Жапаровко бүгүнкү бийлик апасы менен коштошуу үчүн уруксат берет деген ойдомун“, – деп жазат Шарабидин Токтосунов.

Атамбаевдин зөөкүр бийлиги Садыр Жапаровдун “Кумтөр” алтын кениндеги коррупциялык схемаларды иликтеп, ачыкка жарыялаганы үчүн куугунтуктап, бейкүнөө абакка салды.

Атасы Мустали уулу Нуркожо 2017-жылы 20-сентябрда 84 жашында көзү өткөндө топурак салганга да абактан бир күнгө да чыгарбай койду.

Балдарын сабатып, ооз-мурундарын талкалап, азапка салды.

Жаңы бийлик Атамбаевдин адамкерчиликсиз сапаттарынан бийик болуп, Садыр Жапаровду апасына топурак салганы абактан бир-эки күнгө чыгарып турат деп үмүттөнөлү.

Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун! Топурагы торко болсун!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: