Menu

Өмүрбек Бабанов мекенге инвестиция менен келгенге даяр

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда “Бабанов келсин” деген кампания орун алып, көптөгөн мекендештер өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун негизги оппоненти Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишин талап кылышууда. Албетте, буга бир канча жүйөөлүү себеп бар. Биринчиден, Бабанов өзү берген жигиттик сөзүнө туруп, жаңы бийлик калыбына келишинче саясаттан жана маалымат майданынан толугу менен четтеп турганы, жаңы президентибизге эң ыңгайлуу шарт түзүп берди. Болбосо, Жогорку Кеңеште отуруп алып, өкмөттү жүдөтүп, бийликти жамандап же болбосо массалык маалымат каражаттары аркылуу ар кандай кемчиликтерди көбүртүп, “мына жаңылдыңар, башка эле талапкерге добуш берсеңер болмок” деп жатып алса, эмне кылмак элек? Экинчиден, Бабановдун нейтралитети жаңы президентке эски досу менен мамилесин такташып алганга да көмөктөштү. Азыркы учурда Жээнбеков менен Бабанов бир тарапта болгону таң калыштуу эмес. Экөө тең Атамбаевден толугу менен кол үзүштү жана анын саясий тагдырына акыркы чекит койгонго кызыкдар. Өмүрбек Бабанов мекенге келип, ага каршы Абдил Сегизбаев жана Индира Жолдубаева мыйзамсыз козгогон саясий буюртма иштерин жаптырышы керек. Ал иштерде кандайдыр бир негиз болгондо, Канат Исаев азыр эркиндикке чыгып, Жогорку Кеңеште отурмак эмес болчуда? Бабанов эч качан мамлекетке каршы чыккан эмес. Тескерисинче, буюрса, чет өлкөдөн көлөмдүү инвестицияларды алып келүүгө, экономиканын реалдуу секторуна салым кошууга даяр болуп, ишке кирише албай, четте жүргөн чагы. Бабановду душман тутпай, Кыргызстанга алып келели,туугандар!

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: