Menu

Маратбек Иманкулов, “Жаш жарандардын өнүгүүсү” уюмунун мүчөсү: “Биздин өлкөдө сөз эркиндиги, дин тутуу эркиндиги тушалган эмес”

Бөлүшүү:

– Алдыда кыл чайнашкан президенттик шайлоо болгону турат, буга жаштардын таасири кандай болот? Азыр ачык пикир, сын айткан жаштар бирин-экин эле болбосо жокко эсе. Жаштардын өкүлү катары буга көз карашың кандай?

– Баратабыз. Шайлоого да саналуу күндөр калды. Көпчүлүк улуулар жаштарды кайдыгер муун катары белгилешүүдө. Арабызда андайлар деле бар деңизчи, бирок билесизби, азыркы жаштардын аң-сезими өтө жогору жана демократ көз карашы өнүккөн. Акыркы 10 жылда шайлоого активдүү катышышып, өз ордуларын көрсөтүп келишет. Мисалы, айыл өкмөттөрдө, райондук, облустук администрацияларда жаштар комитеттери иштейт, жадагалса саясый партиялардын да жаштар менен иш алып барган жаштар канаттары түзүлүп, өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишүүдө. Бул – жаштардын коомдо, саясатта орду бар деген сөз. Андан кийин Кудайга шүгүр, биздин өлкөдө сөз эркиндиги, дин тутуу эркиндиги тушалган эмес.

– Бүгүнкү жарышка чыккан талапкерлерге кандай анализ бере аласың? Татыктуулар, эртеңки эл турмушун оңдоочулар бар сыяктанабы?

– Өлкө президенттигине талапкерлердин арасынан көбүн тааныбайт экенмин. Ошентсе да алардын чечимин сыйлайм. Ал эми мен тааныган талапкерлердин арасынан албетте өлкө жүгүн аркалап, Кыргызстаныбызды гүлдөтөм деген талапкерлер бар. Бирок, алардын арасында атайын өзүн пиар кылуу жана кандайдыр бир тандемге баруу максатында дагы президенттикке ат салышкандар бар экенин байкап, аргасыздай баш чайкайсың. Бирок, байлык, бийликти эле ойлобой, элим деген мекенчилдер бар экенине ишеним чоң.

– Кыргызстанда илимдүү, билимдүү жаштар жакшы кызматтарга отуруп, өз акылын, демилгелерин элге арноого мүмкүнчүлүк барбы?

– Бар. Кудайга шүгүр, бул жаатта биздин жаштар үчүн толгон мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Менин оюмча, жаштарыбыз чоң кызматтарга ылдыйкы тепкичтер менен көтөрүлгөнү туура. Анткени ал жаш кызматкер элине кызмат кылуу үчүн ошондой эле, кызматында одоно катачылыктарга жол бербеши үчүн астынан чыккан бүт тоскоолдуктарды жеңип, ийгиликтерди багындырып такшалып калса элге пайдасы көбүрөөк тийип, ээлеген кызматында көбүрөөк эмгектенет. Мисалы, ушул сыяктуу такшалган жаш мамлекеттик кызматкер катары КР Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Касымалиева, Дастан Бекешов ж.б. айта алам. Ар кыл тармакта мындай жаштарыбыз толтура…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: