Menu

Алмаз Жаналиев, саякатчы: “Назарбаевдин сүрөтүн 7700 долларга баалап жатам”

Бөлүшүү:

-Азамат, жер кыдырып саякаттагандан тышкары сүрөт тартып да жүрөсүң, учурда казак президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөтүн тартып, аны Назарбаевге тапшырууга аракет жасап жаткан экенсиң. Ушул өзгөчө өнөрлөрүң боюнча айтып берсең?

-Ооба, бала кезден бери кыялданган кыялдарым акырындан орундалып жатат. Былтыр өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев менен улуу жазуучубуз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун сүрөтүн тарткандан кийин, дүйнөлүк улуу инсандардын, президенттердин дагы сүрөттөрүн тартайын деген ой менен чечен президенти Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун сүрөтүн тартып, Чеченстандын борбору Грозныйга чейин велосипед менен барып, тилекке каршы Р.Кадыровго жолуга албай, бирок сүрөттү анын резиденциясына алып барып, эшик кайтарган аскер жигити бар экен ошого “берип кой” деп берип келген элем. Андан бери бир топ убакыт өттү. Аскер жигит сүрөттү берип-бербегени белгисиз. Анын телефон номурун да алып алган элем, чалсам өчүк. Ошондон бери ал эмгегим эмне
болду, текке кетпесе экен деп кабатыр болуп жүрөм. Чечен президентинин атасынын сүрөтүн тарткандан көп өтпөй эле орус президенти В.Путиндин сүрөтүн тартып, аны да Москвадагы президенттердин сүрөттөрү сакталган музейге тапшыргам. Алар дагы жылуу кабыл алышып, “Путинге жолуктура албасак дагы, сени менен өзүбүз кабарлашабыз” – деп узатышкан. Андан бери алардан дагы дайын жок. Эми болсо өзүң суроо бергендей эле казак президенти Нурсултан Назарбаевдин 77 жаш курагына арнап сүрөтүн тартып, учурда ага тапшыруунун аракетин көрүп жүрөм. Кечээ эле Алматыга барып келдим. Ал жакта кыргыздын тың, активист балдары бар экен, ошолор сүрөттү Н.Назарбаевге тапшырууга, мени ал кишиге жолуктурууга аракет жасап жатышат.

-Президенттердин сүрөтүн тартып, аларга тапшыруу максатың эмне, алардан акча алуубу?

-Албетте, негизги оюм бүгүнкү жашоо базар экономикасына байланыштуу болуп жаткандыктан, мен деле ошентип сүрөттөрүмдү сатып, түшкөн акчага кайра материал алып, сүрөт тартуу өнөрүмдү өркүндөтүп иштесем деген ой.

-Нурсултан Назарбаевдин сүрөтүн канчага баалап жатасың?

-Н.Назарбаев 77 жашка чыгып жаткандыктан, сүрөттү 7 миң, 700 долларга бааладым. Буюрса алып калса, ал акчага дароо эле материал алам жана машине алсамбы деген да оюм бар. Анткени өзүңөр билгендей эле, буга чейин 10 миң чакырым жерди велосипед менен кыдырып келдим. Эми машине алып, машине менен кыдырсамбы деп ойлоп жатам. Максатым 70 мамлекетти кыдыруу. Саякаттоо, сүрөт тартуу менин жашоодогу эң негизги максаттарым десем болот.

-Велосипед менен жүрүп чарчагансың го…

-Ооба, башында жөө кыдыргам. Кыргызстанды түрө жөө кыдырдым. Андан велосипедге өтүп, былтыр велосипед менен Чеченстанга чейин барып кыдырып келдим. Эми машине менен Европаны кыдырсам деген тилектемин.

-В.Путин менен Р.Кадыровго тартуулаган сүрөттөрүңдү канчага бааладың эле?

-Аларды мынча сомго алсын деген эмесмин. Көңүлдөрүнөн чыккан акчаны беришсе ыраазы болмокмун. Акча бербей, ыраазычылык катын берип койсо деле мен үчүн чоң жетишкендик болмок. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин ал жактардан эч кабар болбогону кабатырлантууда.

– Петр-1 дин дагы сүрөтүн тартып жүрдүң беле?

-Ооба, аны да тарткам, ал учурда Санкт-Петербургда илинип турат. Аравиядагы шейхтерди да тартып келдим. Алар куру кол кетиришкен жок.

-Бул өнөрүңдү таштабай уланта бересиңби?

-Албетте, жогоруда айткандай, сүрөт менин жашоом. Сүрөтсүз жашоомду элестетүү мүмкүн эмес. Назарбаевдин сүрөтү каалаган баага сатылып кетсе, Жапония тарапка барып, ал жактагы өлкөлөрдүн дагы белгилүү инсандарынын сүрөтгөрүн тарта баштайм.

-Велосипед менен жер кыдырып жүргөнүңдө башка өлкөлөрдүн эли кандай кабыл алып жатты, кыргыз турист турбайсыңбы деп жатыштыбы?

-Ооба, кайсы өлкөгө барбайын, жолуккан кишилер абдан жылуу маанайда учурашышып, жакшы кабыл алып жатышты.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: