Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келди.
Эл аралык «Манас» аэропортунан Си Цзиньпинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Мамлекеттик визиттин алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин эртең, 13-июнда, Президент Сооронбай Жээнбеков менен кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.
КЭР Төрагасынын мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү күтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ