Menu

АШАнын аша чаап жатышы, анын психикалык саламаттыгы тууралуу күмөн ойлорду жаратат…

Бөлүшүү:

Акыркы убакта бир аз тынчтана түшкөн «Арашандагы» айтылуу «мультимиллионер» байкебиз «караңгы үйдө каман күркүрөйт» болуп кайрадан жандана түштү. Баамдап, байкаган адамга АШАнын «айкырыгынын күчөшү» баш кесер Азиз Батукаевдин боштондугуна байланыштуу экенин түшүнүү үчүн анчалык деле акылдын кереги жок.

Укук коргоо органдары кылмыш ишин жандантып «мыйзамдагы ууруну» «ардактап» узаткандардын улам бирин «кылтакка түшүрүп» темир тор артына узатууда. Андыктан «жиптин учу» акыры келип «Форум» жакка багыт берерин экс-ажо жакшы түшүнөт. Атамбаевдин «Нападение – лучшая защита» принцибине салып азыркы бийликти жөн жерден эле «шыбап» жатышынын негизги себеби ушунда.

Жеке амбициясынын, керт башынын кызыкчылыгын ишке ашыруу жагынан «он граммдан» «соккон» экс-ажо алдына адам чыгарбайт. Ал көздөгөн максатына жетүү үчүн адамдардын тагдыры менен ойноп, канын төгүүгө да даяр экенин буга чейин бир нече жолу далилдеген. Бирок, кылгылыкты кылып коюп ар дайым «суудан кургак чыккан» шылуундугу да бар экени белгилүү.

Кудай анын бетин ары кылсын, бирок АША азыр «Раим миллиондун» «көзүн тазалап», аны кайра азыркы бийликке шылтап коюусу толук ыктымал. «Сактыкка кордук жок» дегендей бул жагын Раим Матраимов эске ала жүргөнү оң.

АША «оозун ачса» эле бир кездеги эски досу, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду маашырлана мазактап, аны эч жерде иштебей эле Атамбаевдин жардамы менен «көчөдөн келип » ажо болуп калгандай сыпаттап келет. Бирок, анын мындай жөө жомогуна ким ишенмек эле?

Жалпы элибизге белгилүу болгоңдой Сооронбай Жээнбеков АШАнын мезгилинде губернатор болгонго чейин эле Жогорку Кеңешке үч жолу депутат болуп шайланып, вице спикердик кызматты да аркалаган. Айыл – чарба министри болуп да үзүрлүү иштеген. Кийин 2010-жылкы тактан кулатылган Бакиевдер түштүктү өзүнчө бөлүп кетүү аракетин көргөндө, аларга каршы Жээнбековдор турганын ким тана алат?

Бүгүн болсо, Атамбаев мунун барын айткысы келбей Сооронбай Жээнбековду айылда ишсиз жүргөн жеринен алып келип ажо кылып койгондой сүйлөп жатышына жол болсун!

Негизинен эле АША чындыкты бурмалап өзүнүн ыңгайына жараша сүйлөөнү адат кылып алды. Болбосо ошол эле бүгүн өзү «сүттөн ак» деп жаткан Аида Салянованы соттотуп тынган ким эле?

Атамбаевдин пикири боюнча анын «сары баласы» Сапар Исаков Пашинян, Зеленскийлер сыяктуу саясий ишмер имиш. Ушул жерден кудайды карап сүйлөсө болмок экен. Сапар Исаков кабинеттен-кабинетке кагаз «ташып» Максим Бакиевди жандап алып, ар кандай шектүү схемаларды «чийип жүргөн» бир «балашка» да.

АША ошончолук эле акыйкат болсо, 2010-жылы 7-апрелде Сапар Исаков АКШ да Максимдин «капчыгын» көтөрүп жүргөнүн АША эмне үчүн айтпайт? Максимди тынбай айтып, Сапарга «чаң жугузгусу» келбейт. Акыйкатында «Максим» десе Сапарды, «Сапар» десе Максимди түшүнгөн замандар да өткөнүн Атамбаев эле унутуп койбосо, көпчүлүктүн эсинде.

Акыйкатында АША чындап эле аша чаап адамдарды мындай кой, кудайдын акысына кол сала баштаганы анын психикалык саламаттыгы тууралуу күмөн ойлорду жаратпай койбойт. Болбосо, ким мусулман, ким мусулман эмес экенин АША аныктап калды беле? Кудайга акарат айтып калганына караганда Атамбаевдин «шиши» чын эле «жарылганы» калды окшойт.

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: