Menu

Адамкулова Чынара, КУУнун ректору: “Мен жүргүзүп жаткан реформам туура багытта”

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университе­тинин ректору Адамкулова Чынаранын айланасында ар түрдүү сындар айтылып, нааразычылыктар орун алууда. Бул жагдай Жогорку Кеңешке чейин жетип, териштирүү жүрүүдө. Биз бул туурасында Чынара Адамкулова менен баарлаштык.

– Чынара Усенбековна, ректор болуп иштеп жатканыңызга эки жылга жакындап калды. Бул аралыкта кандай реформа жүргүзө алдыңыз?

-Мен ректор болуп келгенге чеиин Билим берүү жана илим министрлиги университетте бир гана юридикалык лицо болуш керек деген буйрук чыгарган. Биздин Кыргыз улуттук универ­ситетте 7 институт бар болчу. Ар бир институт өз алдынча юридикалык лицо катары иш жүргүзгөндүктөн, өзүлөрүнүн кадрдык, бухгалтердик бөлүмдөрү болгон. Натыйжада административдик кызматкерлер жети эсеге көбөйүп кеткен. Чындыгында бир университетке бир канча бухгалтер, кадр­дык кызматкер керек эмес болчу. Ушул жагдайды жөнгө салыш үчүн жети институтту жоюп, бириктирүү зарыл эле.

Мен 2015-жылы 15-июнда ректор болуп келдим. Эки жума ректораттын, факультеттин иштери менен тааныштым. Мага министрлик тарабынан бир жуманын ичинде институттарды жоюу тапшырмасы коюлду. Бир жума аз убакыт болгондуктан, министрликтен башка университеттер 8 ай, бир жылдан бери иш жүргүзүп жатыптыр, жок дегенде 1 ай убакыт бергиле деп сурансам, “Жок, атайын реформа кылсын деп сизди ректор кылдык, убакыт жок, реформа тез арада жүрүш керек” – дешип макул болушкан жок. Мен анан 7 институттун жетекчилери, коллективи менен жолугушуп, институттарды жоюуну мен ойлоп чыгарбаганымды, бирок мугалимдердин сааты кыскарбастыгын, административдик жактан гана кыскартуулар болоорун айтып буйруктун жагдайын түшүндүрүп, макулдаштык. Жети күндөн кийин университеттин окумуштуулар кеңешин чакырып, чечим чыгарып берүү сунушун киргиздим. Сунуш бир добуштан кабыл алынып, институттар жоюлду.

Эми натыйжасы кандай болуп жатат?

-Албетте, жыйынтыгы жаман бол­гон жок. Бирин-бири кайталаган ад­министративдик кызматтар жоюлуп, бир гана юридикалык лицо катары бир бухгалтердик эсеп, бир кадр­дык бөлүм иштеп, башаламандыктар ирээтке салынды. Мурда университеттин бюджети 227 миллион сом болсо, институттардын бюджети 300 миллиондон ашык экен. Баарын бир эсепке топтогондо университеттин бюдже­ти 535 миллион сомго көбөйдү. Мурда университеттин мугалими институтта иштеген мугалимден аз айлык алышчу. Жаңы мугалим болуп иштегендердин айлыгы 5 миң сом болчу. Азыркы шартта 5 миң эч нерсеге жетпейт да. Бюджетти бир жерге топтогондон кийин жөнөкөй мугалимдер колуна 11 жарым миң сом алып калышты.

Анда эмнеге нааразычылыктар чыкты?

-Негизи реформа болгон жерде нааразычылык болот. Анткени реформа бирине жакса, экинчисине жакпайт. Реформанын табияты ошондой. Нааразы болгондордун дээрлик көбү мур­да административдик кызматта иштегендер. Алар сабакка келбеген студенттердин ишин бүтүрүп беришип, көмүскө акча жасап көнүп калышкан. Мына ошондуктан ушул күнгө чейин айрымдар саботаж кылып жатышат.

Окуу процессинде өзгөрүү болдубу?

-Өзгөрүүлөр болду. Азыр студенттер жазуу түрүндө экзамен тапшырып калышты. Экзаменге келген студент сөзсүз түрдө атайын баракка кол коёт. Ошол колуна салыштырып экзамен тапшырганы аныкталат. Мурда болсо оозеки тапшыргандыктан студенттер экзаменге катышпай эле сынак китепчесине акча салып старостасына берип коюшчу. Болбосо деканатта иштеген таанышы аркылуу бүтүрүп алышчу. Бул көрүнүшкө бөгөт коюлду.

Эми бул жазуу иши жең ичинен ишин бүтүргөн студенттердин, мугалимдердин акча берүү, акча алуу иштерин токтотот дегенге кепилдик барбы?

-Жүз пайыз кепилдик берүү кыйын. Ошондой болсо да, бир топ тескери иштердин тыйылышын шарттайт. Биз бул боюнча да атайын механизмдерин да иштеп чыкканбыз. Студенттер эк­замен тапшырып бүткөндөн кийин, атайын комиссия түзүлүп иликтеп чыгышат. Ошондо ким жазуу түрүндө чындап экзамен тапшырды, ким тапшырган жок баары ачыкка чыгып калат. Текшерүүдө айрым актай баракты тапшырган студенттер эң жогорку 20 балл алышып, экзамен барагын толтуруп жазышкан студенттер эң төмөнкү 5-6 балл алган көрүнүштөр кездешти. Мындай учурда, биз экзамен алган окутуучуга сөгүш берип, кийин дагы бир жолу кайталанса иштен кетээрин эскерттик.

Ошол эле кезде адилетсиздик орун алып, нааразы болгон студенттерге экзамендин жүрүшү боюнча доо арыз менен кайрылуу укугун киргиздик. Эгер студент тарабынан доо арыз түшсө, комиссия түзүлүп иликтөө жүрөт, экзаменди башка мугалим алат. Жыйынтыгында мурда төмөн баа алган студент жогору баага татыса, мурунку экзамен алган окутуучуга акыйкатсыздык мамиле жасаганы үчүн сөгүш берилет, кийин дагы кайталанса иштен алынат. Мындай схема айрым мугалимдерге жакпайт экен. Мына ушул механизм иштеп баштаганы сабакка келбей, контракт төлөбөй курстан- курска көчүп жүргөн 2 миң студент аныкталып, окуудан чыгарылды. Сту­денттердин контрагынын карызы 37 миллион сомду түзүптүр. Мурда булардын баары тааныш мугалимдерине акча берип сабактарын бүтүрүп келишкен. Ушундай терс көрүнүштөрдү жоюп, окуу жайдын аброюн арттыруу, илимий техникалык базасын чыңдоо багытында иш жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө университеттин эл аралык иштерди алып барган бөлүм, бир топ чет элдик уюмдар менен иштешип, лабораториялык корпуска химия, биология факультеттерине 2 жарым миллион сомго заманбап жабдууларды алып берди. Жабдуулар СССР убагынан бери жаңыланбай, каралбай калыптыр. Мындан сырткары, киши жашаганга мүмкүн болбой кал­ган 4-жатакананын ордуна жаңы имарат курууга инвестор издеп жатабыз. Учурда мамлекеттик курулуш агенттигинен уруксат сурап, документтерин тууралап жатабыз.

Сиздин НурзакАсанбеков аттуу проректоруңуз 100 миң сом пара берип кармалды эле. Бул иш эмне менен аяктады?

-Эми муну кылмыш деп деле айта албайм. Анткени иш менен тааныш болгондор жакшы түшүнөт. Жыл этегинде Улуттук университеттин жамааты “Ала-Too” ресторанында жаңы жылдык кече өткөргөнбүз. Кечени өткөрүүгө университет менен тыгыз кызматташьш келе жаткан КIСВ менен “Росинбанк” демөөрчүлүк кылышкан. KICB өзүнүн эсебинен түзмө-түз ресторандын эсебине акча которушкан. Ал эми “Росинбанк” болсо сиздердин бизде 200 миң сомдун тегерегинде акчаңар бар, ошону которуп берели де­шип, ошол биздин акчаны ресторандын эсебине которуп беришкен. Мына ушул жерде мыйзам бузуу болгон экен. Анткени “Росинбанктан” түз ресторанга эмес, казначействого которуп, анан ресторанга которуш керек болчу экен. Биз анысын түшүнбөйбүз. Мына ушунун айынан текшерүүлөр жүрүп ызы-чуу болду. Анан биздин проректор текшерүүчүлөр менен өзүм сүйлөшүп бүтүрөм деп барып жанагыдай иш бол­ду. Чындыгында акчаны биз чөнтөгүбүзгө салып алган эмеспиз да. Болгону юридикалык жагын түшүнбөгөндөн чыккан ката болду.

Андай болсо эмнеге 100 миң сом пара сунуштады?

-Эми билбестик да.

Мугалимдерге конкурс өткө рүүдө дагы нааразычылык болду эле. Ушул жагдайга түшүндүрмө бере кетпейсизби?

-Былтыр сырттан окуган 6-курстар, 5-курстун студенттери, 4-курстан бакалавр менен бүткөндөр бо­луп, университетти 10 миңге жакын студент аяктады. Окууга болсо 3 миң гана бакалавр боюнча студент кабыл алынды. Айырма 7 миңди түздү. На­тыйжада сааттар азайды. Буга байланыштуу мугалимдердин дагы саны кыскартыш керек болду. Анан биз тигил же бул мугалимди иштен жөн эле кетирип салсак адилетсиздик болот деп конкурс өткөрүп, күчтүү, өз адистигин мыкты билген окутуучуларды алып калууну чечтик. Бул бир жагы. Экинчиси, жыйырма беш жылдан бери конкурс өтпөгөндүктөн, окутуучулар доценттин милдетин аткаруучу, профессордун милдетин аткаруучу болуп иштеп келишкен. Бул мыйзамга туура келбейт. Окуу процессинин сапатын жакшыртуу үчүн жогорудагы жагдайларды эске алып конкурс өткөрдүк. Үч ай даярдык көрдүк. Кафедра жетекчи­лери, декандарды чогултуп кеңейтилген окумуштуулар кеңишин өткөрдүк. Миңден ашык мугалим конкурстан өттү. Окутуучу, ага окутуучулар факуль­теттин деңгээлинде, доцент, профессорлор университеттин деңгээлинде конкурстан өтүштү. Чечимди окумуш­туулар кеңеши жалпы кабыл алышты. Мен жалгыз кабыл алган жокмун. Мен буга добуш бер же буга добуш бербе деп айта албайм. Антсем эртең эле сөз чыгат. Ошого карабастан конкурстан өтпөй калгандар мени күнөөлөштү… Бирок мен окумуштуулар кеңешине таасир эте албайм.

Жакында эсеп палатасы 9 мил­лион 900 мин, сом каржылык мый­зам бузууну таап чыкты…

-Туура. Эми бул боюнча мындай. Жоюлуп кеткен институттардын 6 миллион сом университетке карызы бар экен. Анткени институттар келишим боюнча тапкан пайдасынын 20 пайызын университетке төлөш керек болчу. Натыйжада 3 институттун 2-3 жылдык карызы убагында төлөнбөй калыптыр. Анан институттар жоюлуп, алардын эсептери жабылганда, инсти­туттун баары университеттин алдында факультет болуп калышты да. Карыздары автоматтык түрдө кечирилди. Университетти текшерген инспектор институт жоюлган менен карыздары калыш керек болчу дейт. Биз айттык, алардын эсептерин жаап болгон акчаларын алып алсак, кайсы карызын төлөйт деп. Ал эми дагы 1 миллион 200 миң сом айлык-маянага ашыкча төлөнгөн деген кине коюлду. Эми бул дагы институт жоюла элек учурда болгон. Мугалимдер ар кайсы институттан жарым ставка, бир ставка, 0,2 ставка кылып саат алып иштешкендиктен, кээсиники 2 ставкадан ашып кетиптир. Жобо боюнча 1 жарым став­кадан ашпаш керек экен. Эми инсти­тут жок да. Үчүнчүсү болсо жатаканаларда жашаган мугалимдердин кары­зы. Айрымдарыныкы 200 миң, кээси 100 миңге чейин чыгыптыр. Биз алар менен келишим түздүк, айлыктарынан берип турушмай болушту. Демек, бул жерде мен тараптан же университет­тин башка жетекчилиги тарабынан мыйзам бузуулар болгон эмес…

Университеттеги орун алган нааразычылыктарды иликтөө боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттык комиссия түзүлдү эле. Ошол комиссия курамындагы айрым эл өкүлдөрү сизди профессорлук наамды мыйзамсыз алып алган деген жүйө менен тиешелүү органдарга профессорлук наамыңыздан ажыратуу сунушун кирги­зип жатышат. Сиздин бул боюнча оюңуз кандай?

-Жогорку окуу жайында профес­сорлук кызмат орду болот жана про­фессорлук наам болот. Жобо боюнча профессорлук наамды бергенде эң жок дегенде үч жыл профессорлук кызматты аркалаш керек. Мен ректор болгонго чейин декан катары бир канча жыл профессорлук кызматта отурдум. Профессорлук наам алуу үчүн или­мий эмгектериңди Жогорку аттестациялык комиссияга тапшырганда, ал жердеги эксперттик комиссия документтериңди баарын иликтеп чыгып, баары туура болсо анан президиумга алып чыгат. Чечимди президиум ка­был алат. Айрым эл өкүлдөрү болсо сиздин ректор болуп иштегениңизге 1 жарым жылдан араң ашыптыр анан кантип профессорлук наам алдыңыз дешип, профессорлук кызмат орду менен профессордук наамды чаташтырып жатышат.

Сизди кызматтан алуу боюнча сунуштар дагы айтылып жатат. Сиздин жообуңуз кандай?

Мени университеттин 90 пайыздан ашык жамааты колдойт. Демек, менин жүргүзүп жаткан реформам туура багытта деп ойлойм. Мүмкүнчүлүк болсо жасаган иштеримди аягына чыгарам. Албетте, реформа баарына текши жак­пайт. Сөзсүз тоскоолдуктар болот. Би­рок биз кандай тоскоолдук болбосун университеттин окуу сапатын жогорулатып, илимий-техникалык базасын чыңдап, өнүктүрүү, аброюн артты­руу багытында ишибизди улантабыз. Учурда биоинженерия, нанотехно­логия боюнча жаңы багыттар боюн­ча билим берип, адистерди даярдоо жаатында иш алып барып жатабыз…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: