Бүгүн, 14-январда, Бишкекте “Жерүй” алтын кенинин сатылышы боюнча тегерек стол өтүүдө. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, кен боюнча адистер катышууда.
Экс-вице-премьер Бекболот Талгарбеков Атамбаевдик режим убагында корупцияны ачык айтып чыкканы үчүн абакка отуруп чыкканын баса белгилеп, “Жерүй” кени боюнча Атамбаев күнөөлүү экендигин айтты.
“Биз Жерүй боюнча изилдегенбиз. Коррупциялык ишти кылгандарды жоопко тартуу керек. “Жерүй” алтын кениндеги акчаны каалагандай колдонгону үчүн Атамбаевге кылмыш ишин козгоп, жоопко тартылышы керек”,- деп сунуштады эле, отургандар кол чаап, колдошту.
Эске сала кетсек, 4 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы Бабанов ээрчитип келген орусиялык чечен бизнесмендерге президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев 100 миллион эле долларга сатып жиберишкен. Кыргызстанга 1% да үлүш калган эмес. Азыр Жерүй алтын кени 100% чечендерге таандык.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ