Menu

Айт мусулман элинин эң чоң майрамы

Бөлүшүү:

1 айга созулган Орозо айы аяктагандан кийин дүйнөнүн төрт тарабындагы мусулмандар кубанычтуу майрамдаган, бул Орозо айт майрамы, баарыбызга куттуу болсун!

Орозо айы 11 айдын султаны деп аталат. Мусулмандар бир ай бою эртеден кечке тамак жебей, суу ичпей Аллаа Таалага ибадат кылып, өздөрүн ар түрдүү күнөөдөн арылтууга аракет кылышты. Эми Рамазан айынын аякташы менен орозо айт майрамы бүткүл мусулмандарды кубанычка бөлөдү.

Айт күнүнүн тартиби

Майрам алгач үйлөрдө башталат. Эртең менен айт намазын кылуу үчүн эркектер мечитке жөнөйт. Үйдүн улуулары балдарын уйкудан ойготуп, жылуу маанай тартуулап, эң жакшы кийимдерин кийишет. Даарат алынгандан кийин, алгач мечитте бир катарда намаз окуу менен майрам уланат. Мечиттен үйлөрүнө бараткаңца кезиккен тааныштары бири-бирин майрамы менен куттукташат. Мечиттен кайтып келгендер үчүн тамак даярдалып, чай демделет. Үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирин куттуктагандан кийин, дастаркондун тегерегине отуруп, бардыгы чогуу тамактанган соң, алыста жашаган туугандары болсо үй-бүлөнүн улуулары аларды телефон аркылуу байланышып куттукташат. Ал эми өзүнчө жашаган болсо, эң биринчи ата-энелерине барып, кубанычын тең бөлүшөт.

Айт берешендикти сүйөт

Майрамдык белектер жана таттуулар сунулат. Жылуу маанайдагы сүйлөшүүлөрдөн соң жакын жердеги улуулардын үйлөрүнө барат. Келген конокторго атайын даярдалган таттуунун түрлөрү тартууланып, улуулар кичүүлөр менен ал-акыбалдарын сурашып, жакшы маанайда маектешип отурушат. Майрамрамды башкача өткөрүшөт . Алар тааныган же тааныбаган деле каалгаларды черткилеп айттап барганда берилген таттуулардын даамы алар үчүн унутулгус болуп калат.

Майрамдарда багар-көрөрү жокторду, жетимдерди жана жакырларды да унутпашыбыз керек. Бериле турчу садагалар кичине болсо да балким алардын майрамды кубанычтуу белгилешине себеп болот. Аларды сүйүнтүү биздин милдетибиз.

Орозо айт майрамыбыз куттуу болсун!

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: