Menu

Фото – ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери Красная речка айылындагы мектеп-интернатына барып келишти

Бөлүшүү:

1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун жетекчилиги алдында   ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери
Красная речка айылында жайгашкан ата-энелеринен кароосуз калган жетимдердин жана майыптардын мектеп-интернатына барып келишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ тарабынан 180 миң сомдук чогултулган материалдык каражатка таттуулар, оюнчуктар, кийим-кечектер, азык-түлүк продуктулары, сыналгы, кир жуучу каражаттар, кеңсе товарлары сатылып алынып, интернаттын директоруна өткөрүлүп берилди. Ошондой эле, Курсан Асанов  жеке өзүнүн атынан  интернатка бир нече миң сомдук азык-түлүк  тапшырды.

Быйыл, 2019-жылы Красный речкадагы мектеп интернатына ИИМдин кызматкерлеринин жетекчилик кылганына 24 жыл толду. Ушундай иш-чаралар жагымдуу салтка айланып, пландалган акциялар менен майрамдардан сырткары дагы өткөрүлүп турат.

Бүгүнкү күнү Красная речка мектеп-интернатында мектеп курагындагы 133 бала тарбияланат. Ички иштер министрлиги ар убак көңүл бурууну жана камкордукту талап кылган балдарга окуудагы, тамак-аш жана тарбия жактан көйгөйлөр бардыгына түшүнүү менен мамиле кылат.

Пагончон адамдарды көрүп, мектеп-интернатынын тарбиялануучуларынын улуулары дагы, кичүүлөрү дагы  милиция кызматкерлерине окшош болгусу келишип,  өздөрүн үлгүлүү көрсөтүп жатышты.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов борбордук аппараттын кызматкерлери менен биргеликте “Красная речка” балдар мектеп-интернатындагы тарбиялануучуларды   майрамы менен куттуктап, аларга ден соолугу бекем, ийгиликтүү инсандардан болуп өсүп, келечектери кең болуп, алдыда жакыш жана кубанычтуу күндөр көп болушуп каалады. “Биз буга  жоопкерчиликтүү мамиле кылабыз,  балдарга камкор болуу жана аларды тарбиялоо бардыгыбыздын милдетибиз”-деди Курсан Асанов.  Красная
речка айылындагы мектеп интернатынын тарбиялоочуларына, мугалимдерине кайрылып, Курсан Асанов  балдардын жакшы адам болуп өсүшүнө жардам берип, бардарга көрсөткөн жакшылыктар, камкордук, мээримдүүлүк аларда дагы болушун каалап кетти. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө өз кеңешин айтты. Ушул жылы мектеп-интернатта 12 бүтүрүүчү болгондуктан, аларга биринчи учурда керек болуучу буюмдарды тапшырышты. Өз кезегинде интернаттын мугалимдери ИИМдин борбордук аппаратынын жетекчилигине жана өздүк курамына  ыраазычылыктарын билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: