Menu

Радиоактивдүү элементтерди (уран) изилдөө жана иштетүү иштерине тыюу салынды

Бөлүшүү:

Радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, мыйзамдык жөнгө салууга чейин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы № 3027-VI «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды.

Радиоактивдүү элементтердин (уран) калдык сактоочу жайларын жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иштерге тыюу салынбайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: