Бүгүн, 11-февраль күнү Жогорку Кеӊеште Кытай Эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын отуруму өтүп жатат.
Комиссиянын үчүнчү отурумунда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Алтынбек Торутаев маалымат берип жатат.
Өткөн аптадагы отурумда “Азатыктын” жетекчилери жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана “Азаттык” үналгысынын жетекчилери чакырылып, комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришкен.
Эсиңиздерге сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ