Menu

Орусия он миңдеген тажик мигрантын «кара тизмеден» чыгарышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Орусия бийлиги буга чейин өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынган 14 миңден 68 миңге чейинки тажик мигрантына ырайым кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Тажикстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, бул маселе 8-февралда Тажикстандын Орусиядагы элчиси Имомуддин Саттори менен Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовойдун жолугушуусу маалында талкууланган.

Расмий маалыматтар боюнча учурда 270 миңге жакын тажик мигранты Орусиянын аймагына кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. “Жолугушуу маалында орус тарап өлкөдөн чыгарылган тажик жарандарына кечирим берүү маселеси каралып жатканын билдирди. «Кара тизмедеги» олуттуу мыйзам бузбаган мигранттарга кайрадан Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилиши мүмкүн”, – деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Тажик мигранттарына «кечирим берүү» ыктымалдыгы тууралуу маалымат Орусия президенти Владимир Путиндин Тажикстанга болчу сапарынын алдында пайда болду. Маалыматтарга караганда, учурда Орусиянын аймагында Тажикстандын 1 миллионго чукул жараны эмгек мигрант болуп жүрөт.

Өткөн жылдын соңунда Орусиянын Мамлекеттик Думасы өлкөнүн белгилүү бир аймагында биринчи жолу административдик мыйзам бузган мигранттарга карата миграциялык эрежелерди жумшартуу тууралуу мыйзамды кабыл алган. Жаңы мыйзамда алгачкы жолу жасалган анчалык чоң эмес административдик мыйзам бузуу үчүн депортациялоонун ордуна 7 миң рубль өлчөмүндөгү айып пул төлөтүү жазасы каралган. Эгер ошондой эле мыйзам бузуу дагы кайталанса, анда мигрант өлкөдөн чыгарылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: