Саясий ачкачылык деген өзү адилеттик үчүн, демократиялык баалуулуктар үчүн күрөшкөн дүйнөдөгү баардык өлкөлөрдө колдонулуп жүргөн саясий күрөштүн бирден-бир таасирдүү түрү. Кыргызстандын саясый тарыхында 2002-жылы Үзөңгү- Кууштун сатылышына каршы болуп, ачкачылык жарыялап, 22 күндөн кийин Шералы Назаркулов агабыз каза болгон. Эсимде 2002-жылдын 1 -февралында Шералы агабыздын ал жайын сурап барып маек куруп кеткем. Себеби бийликтин маалымат саясаты “Назаркулов кечинде үйүнө барып, беш бармак жеп атат”-деген айыптоосу күч алган. Мен ошондо Шералы агабыздын жүзүнөн үмүт отун байкагам. Ал үмүт оту анын күрөшү болгон.
Ачкачылык адам өзүнүн ден соолугун, а түгүл өмүрүн тобокелге салат. Эмне дейм Шералы агабыздын жаткан жери жайлуу болсун! Кыргызстанда эч ким ачкачылык жарыялабасын!
Элнура Кулуева, журналист.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ