Menu

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов «CIT-Терминал» ААКнын башкаруучусу менен соода-экономикалык кызматташууну күчөтүү тууралуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Жума, 1-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Заманбап контейнерлер терминалы – «CIT-Терминал» Ачык Акционердик Коомунун Башкаруучусу Денисов Валерий Алексеевич менен жолугушуусу болуп ѳттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптардын соода-экономикалык кызматташуусун күчѳтүү боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл-чарба азыктарынын жана Свердлов облусунун кардарлар ичинде кеңири колдонулуучу товарларынын ѳндүрүүчүлѳрүнүн ортосунда тикелей байланыштарды ѳнүктүрүү жѳнүндѳ маектешүү болду.

Терминалдын Башкаруучусу Денисов В.А. контейнер терминалынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, аталган ишкана жүктѳрдү кабыл алуу, аларды сактоо, тандоо жана таркатуу иштерине, ошондой эле фитосанитардык документтерди тариздөөгө ар тараптан ылайыктуу жай экендигин маалымдады. Терминалдын Кыргызстандан келе турган товарларды бөлүштүрүү иштерине карата атайын борбор уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи. Атайын борбордун уюштурулушу аркылуу товар ташуучулардын жүктөрдү тариздөөгө жана аларды Екатеринбургдун, Свердлов облусунун ири соода борборлоруна бѳлүштүрүүгѳ байланыштуу финансылык чыгымдарын азайтууга, убактысын үнѳмдѳѳгѳ шарт түзүлмөкчү.

Башкы консул Р. Бийбосунов Кыргызстандын ѳндүрүүчүлѳрүнүн жана жүк ташуучуларынын аталган терминал менен кызматташуусунун механизмин жана ѳз ара иштешүүсүнүн Жол картасын иштеп чыгуу максатында кызыктар тараптардын жолугушуусун уюштурууну сунуштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: