Menu

Тилсиз жоодон эки адам өмүрү кыйылды

Бөлүшүү:

Оштун Кара-Суу районундагы Нариман айылында жайгашкан “Встреча у Дастана” деген кафесинде өрт чыгып, ашпозчу аялдын күйүп калган сөөгү табылды. Экинчи ашпозчу түтүнгө ууланып, оор абалда тез жардам кызматкерлери Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келип жаткызышкан. Маалым болгондой, каза болгон ашпозчу Кара-Суу районунун Нудар айылынын 1970-жылы туулган тургуну экени такталды. Өрт учурунда кафенин чатыры жана желим шыбы, 8 даана желим эшик, 10 даана терезе, эмеректер, төшөк, килемдер, столдор жана отургучтар өрттөнүп, 1 газ баллон жарылган. Учурда өрттүн себептери такталууда. Ал эми 11-июль күнү түнкү саат 12ден кийин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Эңилчек-Эчкилиташ унаа жолунда бара жаткан “Нива” үлгүсүндөгү унаа Сары-Жаз суусуна түшүп кеткен. Натыйжада, 1983-жылы туулган айдоочусу агып кеткен. Сөөктү издөө иштерине 11 куткаруучу тартылып, сөөк табылбай жатканы маалым болду.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: