Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда веердик өчүрүүлөр болбойт

Бөлүшүү:

Кыргызстанда веердик өчүрүүлөр болбойт, — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун экинчи окууда талкуулоонун жүрүшүндө депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Премьер-министр белгилегендей, веердик өчүрүүлөр болбойт, электр энергиясы калкка үзгүлтүксүз берилет.

«Эгерде электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалыматтар болсо, бизге ыкчам түрдө маалымдоону өтүнөбүз. Учурда бизде калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык тийиштүү шарттар бар.  Техникалык көйгөйгө байланыштуу авариялык өчүрүүлөр башка маселе, бирок веердик өчүрүүлөр болбойт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, авариялык өчүрүүлөр орун алган кезде жоопкерчиликти «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК алат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: