Жол кырсыгына кабылган өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев эртең, 8-декабрда ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу журналисттерге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Эске салсак, 23-ноябрда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылып, “Toyota Land Cruiser” үлгүсүндөгү кызматтык унаасы оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасынан улам ал Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылган.
“Ал өзүн жакшы сезип жатат. Жакынкы арада жумушка чыгат. Кырсык боюнча, учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, – деп билдирди өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн.
Азыр Элчибек Жантаев жумуш боюнча кесиптештерин кабыл алууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ