Menu

Трамптын Эрдоганга “Жинди болбо!” деген катын түрк президенти таштандыга ыргыткан

Бөлүшүү:

Түр аскерлери Сирияга кирер алдында АКШ президенти Дональд Трамптын Түрк лидери Реджеп Тайип Эрдоганга жазган каты таштандыга ыргытылган, – деп Би-би-синин Түрк кызматы билдирди.

Ак үйдүн башчысынын 9-октябрда жиберген жашыруун каты бир жумадан кийин ачыкка чыгып олтурат. Анын чын экенин Эн-би-си америкалык телеканалына Вашингтондогу Ак үй ырастаган.

Катта Тармпка тиешелүү оозеки саптар толтура: “Урматтуу президент мырза: кел, сүйлөшүп албайлыбы! Сиз миңдеген бейкүнөө адамдардын өлүмүнө күнөөлүү болушуңузду каалабайт чыгарсыз, а мен түрк экономикасынын кыйрашына жоопкер болгум келбейт – бирок ал менин колуман келет”, – деп биринчи абзацы бүтөт.

Кат соңун Трамп: “Өзүнчө эле кыйын боло бербечи. Жинди болбо! Кечирээк телефон чалам”, – деп бүтүрөт.

Анкара катты “дипломатиялык сыйы жок кат” катары кабыл алышкан. Эрдоган катка көз жүгүртүп бүтөр замат таштанды челекке ыргыткан экен. Бул каттын көчүрмөсүн Твиттердеги баракчасына Fox телекомпаниясынын журналисти Риган чыгарган. Ак үй каттын чындыгын прессага ырасташты.

Катта Трамп ал күрд генералы Мазлумдан кат алганын, анда Вашингтон Түркия менен сүйлөшүп берүүгө жардам кылышын суранганы келтирилет. Мазлумдун катын да Трамп кошо салган экен.

16-октябрда эл өкүлдөр палатасы Трамптын жоругун талкуулашып, спикер Нэнси Пелоси  Трамптын нерви болбой калганын, 79 жаштагы Нэнсини “үчүнчү сорттогу саясатчы” деп атап кемсинткенин айткан.

Ошондо Трамп Твиттердеги баракчасына “Менин нервим эмес, Нэнсинин нерви болбой калыптыр” деп жазып чыкты.

Анан эле Трамп Сириядан АКШ аскерин чыгарып кетти да: “Бул биздин чегара эмес. Биз үйгө кайталы. Сирия орустардан жардам алып жатат, ошондой эле болсун. Баары бир ал жакта кум эле бар, кум оголе көп”, – деди. Ошондой эле Трамп күрддөр периште эместигин, бирок ИГИЛге каршы согушта АКШ башында турган эл аралык каолициянын негизги тарапташтары болгонун белгиледи.

Көп өтпөй: “Күрдистандын жумушчу партиясы – ИГИЛден жаман террористтер” деп кошумчалап койду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: