Menu

Зергер буюмдарды кошумча нарк салыгынан бошотуу мыйзам долбоорун депутаттар талкуулайт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйындар залында ЖКнын депутаттык жумушчу тобу ЖКнын профилдүү комитети менен биргеликте «КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашат.

Бул мыйзам долбоору менен металл камтылган кендердин, концентраттардын, эритиндилердин жана аффинаждалган металлдарды жеткирүүнү жана экспортту гана эмес, аларды кайра иштетүү өнүмдөрдү да (жалпак тил менен айтканда, алардан даярдалган зергер буюмдарды) кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотууну, ошондой эле Кыргызстанга импорттолуучу импортердун өзү тарабынан түздөн-түз зергер буюмдарын жасоо үчүн багытталган концентраттарды, эритиндилерди жана аффинаждалган металлдарды (сырье түрүндө) КНС төлөөдөн бошотууну карашат. Себеби, бүгүнкү күнү республикадагы зергерлер сырьего эркин кирүү мүмкүндүгүнө ээ эмес. Ошол себептен аларды ар кандай мыйзамсыз жолдор менен ташып кирүүгө мажбур болушууда.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: