Жалал-Абад облусунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн болтурбоо максатында милиция тарабынан бир топ профилактикалык иштер жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Токтогул райондук жана Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери сууга түшүүгө кооптуу участокторго эскертүү тактайчаларын орнотууда. Сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аптаптуу күндөрү сууга түшүүдө этият болууга чакырышып, суу бойлорунда түртүшүп ойнобоо керектигин эскертишти.
Ошондой эле ата-энелерге өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алууга чакырышты. Чоңдордун коштоосу жок өспүрүмдөрдү сууга түшүрбөөгө, кооптуу деп эсептелинген көлмөлөргө, каналдарга барбоого үндөштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ