Menu

“Мошенник” инвестор же террорчуларга тымызын которулган тыйын

Бөлүшүү:

Көптөгөн соттук иштери бар “Ак-Кеме” мейманканасын Кыргыз Өкмөтү акыркы чечимге жетпей туруп (дагы деле соттук териштирүүлөргө чекит коюла элек) сатыкка чыгарды. Борбор калаанын престиждүү районунда жайгашкан “Ак-Кеме” мейманканасы, анын 2 гектардан ашуун жери капчыктуулардын көзүн кызартып жатканы турган иш. Болгондо дагы аукциондогу баштапкы баасы 955 млн. 805 миң сом эле. Бул 2 гектардан ашуун жери бар төрт жылдыздуу мейманкананын Өкмөт баалаган баасы. Ушул баага да алуучу табылбай, биринчи аукцион болбой калды. Кайра аукцион өткөрүлүп, баштапкы баа 10 пайызга арзандай турган болуп жатат. Ушул жагдайдын өзү көптөгөн шектенүүлөрдү жаратат. Анткени, мамлекеттик ишканаларды аукционго койгондо алуучу табылбай, баасын итбекер кылып, өзүбүздүн “шефтер” алышып, аны кайрадан башка тарапка олчойгон суммада сатып жайгарганын көрүп, угуп жүрбөйбүзбү. Буга далил катары БНКны, Бишкек арак заводу жетиштүү эле болот го. “Ак-Кемени” сатып алууга “добросовестный” кардар табылмак эмес беле? Сөзсүз табылмак. Бирок, ал кардар “Ак-Кемени” сатып алууга аракет да жасабайт. Кыргыз бийлигинин жасап жаткан иштерин, том-том болуп үйүлүп турган соттук териштирүүнү көргөндө эле, этегин кагып, кол шилтеген бойдон кетээри анык. Ырынан-чыры көп болгон жерди ким сатып алгысы келсин? Чырдын башы кайдан башталган? Биздикилер мейманкананы эмне үчүн сатыкка алып чыгууда?-деген суроолорго жооп издесе бат эле табылат. Мыйзам үстөмдүгү жүргөн өлкөдө мейманкананын чыныгы ээси ким экенин аныктоого 6 жылдык мөөнөттүн да кереги жок.

“Ак-Кемеге” инвестиция салгам деген Түркиянын жараны Фехим Ениже деген ким? Ал жетектеген “Систем Мюхендислик Иншаат Санай ве Тижарет” деп аталган компания кимдердики болчу? Алар чын эле мейманкананын курулушуна өз каржаттарын (Түрк Өкмөтүнүн эмес) жумшаганбы? Бул суроолорго жооп издөө деле кыйынчылык жаратпайт. Фехим Ениже 1936-жылы туулган, улуту көпчүлүк айтып жүргөндөй түрк эмес, күрд. Компаниясында аялы Берне, балдары Гурхан Ениже, Акан Ениже, Гулсей Ениже жана кызы Пинара болгон. Мейманкана Акаев доорунда “Пинара-Бишкек” деген атты алып жүргөн. Ал Ениженин кызынын атынан коюлган. Енижелер өздөрүнүн капчыгынан мейманкананын курулушуна бир тыйын да кошкон эмес. Муну ачык эле айтса болот. Себеби, өткөн кылымдын токсонунчу жылдардын башында Түрк Өкмөтү бизге 75 млн. долларды ишкердик чөйрөнү колдоо максатында насыя берет. Ошол 75 млн. доллардан “Ак-Кеменин” курулушуна 8 млн. 700 миң доллар каралат. Бирок, ал акча биздин Улуттук банкка келип түшкөн эмес. Ири инвестормун деген Енижелер ошол акчанын эсебинен инвестиция салган ишкер болуп чыга келет. 8 млн. 700 миң доллар насыянын болгону 1 млн. 800 миң долларына курулушка деген материалдарды жөнөтөт да, калган каражатты өздөрүнүн чөнтөгүнө уруп койгон. Мейманкананын курулушу малайзиялык компаниянын акчасына курулуп бүткөрүлгөн. Ал компаниянын жөнөткөн акча каражаттары банк аркылуу болуп, баары мыйзам чегинде жүргөн. Мейманкана курулуп бүткөндөн кийин түрктөрдүн оюну башталып, аларды биздин бийлик башындагы адамдарыбыз колдоп келген. 20 жылдык тарыхы бар чыр ушинтип башталат.

2005-жылы революция болгондон кийин Акаевдин үй-бүлөсүнүн түрктөргө берген убадасынын негизинде мейманкананын мыйзамсыз түрктөргө тартылып берилгени аныкталып, ошонун негизинде кылмыш иши козголсо, Енижеге “мошенник” катары иш козголгон. Бул Енижелер инвестор эмес эле “мошенник” экенин ырастайт. “Ак-Кеме” Енижелердин тыйынына курулбаганынын бир далили.

Фехим Ениже каза болгондон кийин анын мураскери катары Гурхан Ениже “Ак-Кемени” бизден тартып алды” деген дооматты коюп, Эл аралык сотко доо арыз жазып, Кыргыз Өкмөтүн эл аралык соттон утуп алган. 2014-жылы Енижеге биздин өкмөттүн төлөй турган акчанын суммасы 11 млн. долларга жеткенде, Ениже Канаданын Онтарио сотуна кайрылып, “Кумтөр” кени боюнча “Центерра Голддогу” 10 млн. доллардык акцияны камакка алдырат. Ошондон кийин Кыргыз Өкмөтү акцияны бошотуу үчүн 11 млн. долларды экскроу-счетко которуп берген. Бул дагы кыргыз бийлигинин мажирөөлүгү, ишти толук иликтебей эле “кыргызчылыкка” салып урдуруп койгонунда. Токон Мамытов 2014-жылы “Кыргызалтынды” жетектеп турганда “Фабула” гезитине “2005-жылдагы март революциясынан кийин кээ бир адамдар “Ак-Кеме” мейманканасын түрк жаранынан тартып алган” деп маек берет. Бул Токон Мамытовдун “Ак-Кеме” боюнча жеткиликтүү маалыматы жоктугун, түрктөрдүн чырагына май тамызып, Кыргыз Өкмөтүнө карай балта чапканын айгинелейт. 2005-жылы март революциясынан кийин мейманкананы Енижеден эч ким тартып алган эмес. Аларды кууп чыккан адам да болбогон. Өз каалоолору менен мейманканадан чыгып кетишкен. 2005-жылдын 25-марты күнү Кыргыз-Малайзиялык “Отель Ак-Кеме” компаниясын президенти Сарымсаков, “Пинара-Бишкек” ЖЧКсынын вице-президенти Гюрсел Ениже баштаган бир топ адамдар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышкан жыйындын протоколу бар. Анда “Пинара-Бишкек” мейманканасын башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, “Ак-Кеме” ЖАК жана малайзиялык “Business focus Sdn Bhd” фирмасына мындан ары биргелешип иштетүүгө берилиши каралат. Гюрсел Ениже бул чечимге макул болгону, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйлай турганын жана алардын талаптарына моюн сунарын айткан. Ошол жыйынга катышып, протоколго кол койгон кыргыз жарандарынын баары эле ушул жерде жүрүшөт. Токон Мамытовго окшогондор “Мейманкананы түрк жаранынан тартып алган” деп айтаардан мурун, маселенин чоо-жайын иликтеп алып, андан кийин сүйлөсө жакшы болмок. Ениженин “тартып алды” деген доосунан Кыргыз Өкмөтү коркпосо да болот. Кандай гана сот болсо да толук утуп чыкканга документтер жетиштүү.

2005-жылдагы революциядан кийин Гурхан Ениженин кабинетинен Афганистандагы террордук уюмдарга акча которгон кагаздар табылган деген сөздөрдү угуп келсем, аны 2014-жылы революциядан соң башкы прокурор болгон Азимбек Бекназаровдон интервью алып, ал факты боюнча кылмыш иш козголгонун жарыялагам. Ошол маектин ток этер жерин кайра кыстарбасам, сөз сөлтүк бойдон калбасын.

— Түрк качып кеткенден кийин анын бухгалтериясынан террористтик уюмга акча которгон кагаздар чыкканы чындыкпы?

— Енижелер качып кеткенден кийин шаардык прокуратура келип, тергөө органдары түрктөрдүн бухгалтериясынан адам корко турган белгисиз документтерди табышкан. Менин эсимде, бир эле котормосунда 25 млн. белгисиз жактан которулуп келип, ал Афганистандагы террористтик уюмга которулган сумма болуп чыккан. Андан сырткары Ениженин атасына, баласына, кызына, дегиле Кыргызстанда жок урук-тууганына которула берген суммадагы акчалар болгон. Мага тергөөчү “Террористтик уюмга которулган акча боюнча ишти эмне кылабыз” деп көтөрүп барганы эсимде бар. Бул боюнча кылмыш ишин козгогула деп айткам. Эл аралык укук боюнча Кыргызстанда террористтик уюмду колдогон ишкана же уюм болбошу керек. Түрктөр башкарып турганда “Пинарадан” жанагыдай табышмактуу акчалар которулган.

“Жаңы Ордо” гезити, № 31 (455), 31-октябрь, 2014-жыл

Бекназаров айткан белгисиз жактан которулуп келген, андан соң Афганистандагы террордук уюмдарга Ениже которгонун далилдеген “сырдуу кагаз” бул жолу колума тийди. Көрсө Енижеге Сауд Аравиясы королчулугунун королдук үй-бүлөсүнүн тууганынан келген экен. Гурхан Енижеге ал тараптан келген “сырдуу кат” англис тилинде жазылган. Мен ошол катты өз эне тилибизде кыргыз журтчулугуна жарыялап жатам.

Кымбаттуу Гюрхан Ениже,

Бул кабарды менин кишимдин расмий кадамы жана сунушу катары кабыл алыңыз. Мен, Тариг Азиз, Сауд Аравиясы королчулугунун королдук үй-бүлөсүнүн тууганымын.

Бул абдан жашыруун сыр жана биздин туугандын сизге болгон ишеними, себеби, ал буга байланыштуу сиздин жардамыңызды (колдооңузду) каалайт, бул тез арада көңүл бурууну талап кылган маселе төмөндө жазылган.

Америкалык чабуулдан улам козголушкан Афганистандагы биздин бечара мусулман бир туугандар кандай кырдаалга кабылышканын сиз билет болушуңуз керек, биздин үй-бүлө өз парзын (зекет) толук аткаруудагы бир гана бөлүгү катары 20 млн. АКШ долларын бөлүп берүүнү чечти, Афганистандагы биздин бир тууган мусулман ага-инилерибиз менен эже-карындаштарыбызды колдоо максаттарында 20 млн. АКШ долларын алууга жардам бере алуучу чыныгы жана ак ниет мусулмандык корпорацияны же адамды издеп жатабыз.

Сауд Аравиясы Королчулугундагы биздин саясий абалыбыз, айрыкча америкалыктар тарабынан колдоо алып келе жаткан биздин өкмөт, биздин үй-бүлө иш жүзүндө Афганистандагы биздин бир туугандарыбызга жардам берүү үчүн аракет кылууну каалайт. Ошондуктан, биздин ишенимибиз менен Афганистандагы бир тууган ага-инилерибиз менен эже-карындаштарыбызга жардам көрсөтүү үчүн бөлүнгөн 20 млн. долларды бизге жашыруун түрдө алып берүү үчүн сиздин жардамыңыз зарыл болуп жатат.

Эгерде сиз исламга чындап берилген киши болсоңуз, сизден биздин өтүнүчүбүздү аткарууну жана бул сунушту чыныгы мусулман катары абдан жашыруун сактоону жана биздин үй-бүлөлүк адвокатыбыз мистер Абдулла Разак менен анын электрондук почтасы аркылуу [email protected] байланышууну суранабыз, ал сизге сиз үчүн керектүү маалыматты берип, эмне кылышыңыз керектигин, силердин өлкө аркылуу акча кантип өтөрүн билдирет. Сиздин ак ниет жардамыңыз жана акча каражатын көзөмөлүңүзгө алып сактап бергениңиз үчүн биз сизге жалпы сумманын 10%ын сунуш кылабыз, 5%ы ар кандай чыгымдар үчүн калтырылат, ал каражатты 85%ды Афганистандагы биздин бир туугандарыбызга жөнөтүү учурунда пайдаланууга болот. Ийгиликтүү болсо, акча колго тийгенден кийин, сизге бул тууралуу кабарланат.

Сизге күтүлгөн кызматташтыгыңыз үчүн биз ыраазычылык билдиребиз жана сиздин тез арада жооп беришиңизди чыдамсыздык менен күтөбүз. Саламат болуңуз.

Аллах сиз менен!

Фодио Салман

Сауд Аравия Королчулугу.

Мына, биздин бийлик кимге 11 млн. доллар которуп берип жатат. Экскроу-счетто 11 млн. доллар турат деп айтып келишет. Бирок, ал жөнүндө эч кандай маалымат жок. Эсепте турабы же террорду колдогон адамга кармата беришкенби? Ениженин АКШдан колдоо күткөн Сауд Аравиядан акча алып, террордук уюмга которгону эл аралык чууну салчу иш. Дүйнө эли террор менен күрөшүп жаткан кезде, тымызын террорчуларга тыйын которуп жүргөн жаранды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кылмыш иш козголуп, издөөгө салганыбызды неге ачык жарыялабайбыз?

Мындан сырткары Ениженин фирмасынын офисинде Евразиялык континенттин Түрк Республикасынын желеги жана борбору Анкара делген жаңы картасы көпкө чейин илинип турган. Ал бүткүл КМШ өлкөлөрүн жана Чыгыш Европаны бириктирген, түрк тилинде сүйлөгөн жаңы Осмон империясынын картасы деп аталган. Бул дагы шектенүүлөрдү жаратабы? Сөзсүз түрдө…

 Наралы АСАНБАЕВ

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: