Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы бала бакчалардын биринде баланы шейшеп менен алып, тумчуктуруп жаткан тарбиячынын видеосу тарады. Видео “Фейсбукта” колдонуучулар тарабынан активдүү бөлүшүлүп, ага нааразы болуп, наалат айткан пикирлер жарыяланууда.
Видеодон баланын тумчугуп ыйлап, аягында үнү чыкпай, дем ала албай калганын байкаса болот. Бул көрүнүшкө байланыштуу окурмандар “учурда балдарды бала бакчага бергенден да коркосуң” деген ой айтышууда.
https://www.youtube.com/watch?v=YLQe_WogCh4&feature=youtu.be&fbclid=IwAR3IJyk6U1i6VuNFpP6BjrcR_7hmM-pzwgQm7Hy4HGG93TJhwmPJwTCLsjA
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ