Menu

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору: “Себаттын» ою түз эмес экендигин башында эле билгем”

Бөлүшүү:

Филология илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректору Садык Алахан менен өлкөбүздүн билим берүү тармагына Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары кирип, өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган “Себат” (Сапат”) мектептеринин ачылышынын түпкү максаты тууралуу маектештик.

— Садык агай, Сиз өмүр бою агартуу тармагында эмгектенип келатасыз. Ал эми Кыргызстан Эгемендүүлүккө жеткен алгачкы жылдары өлкөбүздүн билим берүү тармагына кирген “Себат”, азыркы Сапат” мектептеринин ордуна кандай баа бересиз?

— Ар нерсе жөн жерден эле пайда болбойт да. 1990-жылдары коммунисттик идеологиянын кыйрашы менен өлкөбүздө идеологиялык боштук пайда болду. Анын көптөгөн себептери бар. Мисалы, экономикалык тартыштык же мурдагы коммунисттик доордун ордуна рынок экономикасынын келиши. Ошол учурда бул залака элдин жашоо-турмушуна тийгендей эле, билим берүү тармагына да сокку болуп, мурда күтүлбөгөндөй натыйжаларга алып келди.

Ал эми мурда, СССРдин учурунда түзүлгөн окуу программалары, китептер кандайдыр бир деңгээлде модернизацияга туш боло баштады. Мындай эң биринчи аракет Сорос тарабынан башталып, 1992–1993-жылдары гуманитардык илимди кайра карап чыгуу боюнча чоң конкурс жарыялады. Анда математика, география, физика деген так илимдер жок, тарых, адабият, тил сыяктуу гуманитардык багытта жүрдү. Себеби адамдын адам болуп калыптануусу, инсандык касиетинин жаралышы ушул илимдер менен калыптанат эмеспи. Ошону булар кароолго алышты.

Анан атаңдын көрү, баарыбыз катыштык, мурдагы Советтик билим берүүнүн айрым жактарын оңдошубуз керек, башкача жолго салышыбыз керек деп. Ошолордун арасында мен да болдум. Жанагы “Унутулган адабият” деген китебим Соростун конкурсун утуп алып, алардын каражаты менен жарык көрдү. Жалпысынан 720 китеп катышса, ошонун 30га жетпегени эле жарык көрдү. Башкача айтканда, 93%ы кулап, 7%ы эле өткөн. Ошондо биз мурдагы идеологияны баарыбыз танганбыз. Мен болсо мурда унутулган жазгыч акындарды изилдеп, ошол багытта кеттим.

Ошол эле учурда же 1993-жылдары “Себат” пайда болду. Алар модернизациялоо, китепти башкача өңүттө жаздыруу деген маселени коюшкан жок. Булар келип эле, биринчи кезекте имараттарды, мектептерди кура баштап, балдарды кабыл алып, окута баштады. Аты-жөнүн айтпай эле коёюн, менин илимдин кандидаттары, доктору болгон досторум жапа тырмак “Себатка” иштей башташты. 1993-жылдан баштап, 1997-жылга чейин бизде чындап экономикалык кыйынчылык болду да. Ал эми “Себат” аларга жакшы төлөп берип, үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүк түзүп берди.

— Сиз деле өзүңүз айткандай, ошол учурда экономикалык жактан кыйналып жүргөндүрсүз. Эмнеге барган жоксуз?

— Эмнегедир менин ал жакка бутум тартпай, баргым келген жок. Аңгыча жанагы менин “Себатта” мугалим болуп иштеген досторум жумуштан кете башташты. Досторумдун биринен “Эмнеге ал жактан кетип атасың, мыкты төлөп берет, андай-мындай деп атпадың беле…”, — десем, көңүлү калганын айтты. Ачык эле айтайын, Айнек заводу жактагы балдардыкыбы, кыздардыкыбы, бир мектеби бар, иши кылып ошол жакта иштечү. “Ээ Саке, болбойт экен…”, — деди. “Эмнеге болбойт экен, болуп эле жүрбөдү беле, 5–6 жыл иштебедиңби…”, — десем, “Жок, биз башында булардын түпкү максатын билбеппиз…”. — деди.

Мен алгач “Себат” тууралуу укканым ушул болду, ал досум “Эрте менен башка мамлекеттин гимни ойнолот, кечке ошолордун билимин берет, анан эски замандагыдай жаттама ыкмага басым жасайт”, — деди. Бизде, мурда, молдолор чыбык менен уруп, күчкө салып окутканы канга сиңип калган да, бул окуучунун логикалык ой жүгүртүүсүнө тоскоолдук жаратат. Ал эми Советтик билим берүүдө логикалык ой жүгүртүүгө кеңири шарт түзүлгөн. Башкача айтканда баланын эркиндиги, өз алдынча ой жүгүртүүсү биринчи орунга коюлган. Биз баарыбыз ошентип окубадыкпы. Анан таң калдым, бул кандай деп.

Экинчиден, булар төртүнчү же бешинчи классты бүткөндөрдү тандап алат экен. Бул ыкмасынан да шектенүү жаралды. Эмнеге биринчи класстан окутпайт? Дүйнөнүн баардык мектептери эле баланы биринчи класстан окутат да. Эмне үчүн булар мындай кылбайт деп таң калып калдым. Бул билим берүүнүн кандай системасы менен методикасы? Анын жерпайын тияктан куюш керек эле го деп жүргөм. Көп өтпөй “Себаттын” мурдагы жетекчиси Орхан Инанды бир жыйында мактанып калды: “Биз алгач келген жылдары бир орунга 4–5тен бала талапкер болор эле, азыр бир орунубузга 10–11 бала талапкер болууда”, — деп.

Мындан кийин дагы бир үчүнчү ой пайда болуп калды. Демек, буларга тандап алган соң, жалаң мыкты (отличниктер) окугандар тапшырат. Бул жерде мыктылардын ичинен мыктысын тандап алып жатпайбы. Демек, андай болгондон кийин дүйнөнүн кайсыл жеринде олимпиада болбосун, утуп келиш керек болчу, логика ошондой да. Тилекке каршы натыйжа андай эмес болуп жатпайбы. Мен өзүм интернатта окуганмын. Союздун учурунда түштүктө Терешкова, Шекафтар, Кара-Сууда, Айдаркенде 4–5 мыкты интернаттар болчу. Алардын бүтүрүүчүлөрү 92–93% жогорку окуу жайларына өтчү жана олимпиадаларда да жеңчү. Бул эми 2–3 деген баага окуган балдардын арасындагы көрсөткүч. Айылдын мектептери 10%дан ашчу эмес. Бирок “Себатта” мыктыларды тандап алып да жогорудагыдай натыйжа болбой атпайбы.

— Ошол эле учурда “Себатта” окуган балдардын ата-энелери өтө көп акча төлөшөт…

— Бул жагы да шек жаратуучу жагдай. Албетте, дүйнөнүн баардык эле өлкөлөрүндө акы төлөнгөн мектептер бар. Бирок булардыкы өтө кымбат. Демек, “Себат” билим берүүнү бизнеске айлантып алган. Болгондо да жалаң байлар менен чоңдордун балдары окушат. Ушул жагдайлардан улам менде “Себатка” карата ишенбөөчүлүк пайда болду. Дагы бир шектүү жагы, Чокталдагы мектебиндеги билим деңгээлинин төмөндүгү. Ата-энелер сотко да беришкен. Себеби ЖРТда “Себаттын” бүтүрүүчүлөрү 72–78 балл алып калышкан. Ал эми ЖОЖго өтүү үчүн кеминде 110 балл болуш керек эмеспи. Тээ алыскы айылдагы шарты начар мектептин окуучулары деле 100 балл алышат. Төлөнгөн акча жанагындай. Анан ойлодум да, бул мектептин ичинде да окуучуларга жасалган мамиленин ар түрдүүлүгү, тандама мамиле болушу мүмкүн деген шектенүү жаралды. Албетте, мен ал мектептердин ички жагдайын билбеймин, бирок билим деңгээлинин натыйжасы ушундай ойду айтууга түртүп жатат.

— Сиз айткан алгачкы “Себаттын” бүтүрүүчүлөрү азыр 40 жашка келип калды. Азыр алар кайда иштеп, кимге кызмат кылып жатат деп да ойлодуңузбу?

— Ооба, булар азыр күчкө толуп, акыл-эси бышып калды. Көпчүлүгү бийликтин жогорку тепкичтеринде иштеп атышат. Мен аны кайдан билем, 2–3 жыл мурда “Себат”, Орхан Инанды тууралуу сын көз карашымды ММКларга, соц.тармактарга жарыяласам, мени аарыдай талап киришкен, “Сиз билбейсиз, Сиз эскисиз, Кыргызстанда “Себатты” алмаштыра турган мектеп жок…”, — жана башка деп. Булар башкача көз караштагы балдар болуп калгандыгына чындап ишендим.

— Сиз педагог, окумуштуу катары ушул балдардын Кыргызстанга кызмат кылуусу, мекенчилдик духта тарбиялоо үчүн кандай сунуш берер элеңиз.

— Ал үчүн мамлекет да, байларыбыз да улуттук аң-сезимди калыптандырган, мекенчилдик маанайда окуткан мыкты мектептерди салыш керек. Мына, быйыл “Газпромдун” мектеби ачылбадыбы. Ал да келечек муундарды өзүнө тартууга болгон жарыш. Мен билгенден мындан тышкары Кытайдын көмөгү менен курулган Бишкекте эле 5–6 мектеп бар. Буларды бүткөн окуучулар 2–3- курстагы студенттердин деңгээлинде билим алып, келечекте Кытайдын ЖОЖдорунан билимин улантат. Менимче “Себаттын” бүтүрүүчүлөрүнө азыр Түркияда окуп жаткан кыргыз балдар гана атаандаш боло алат. Ошолор гана “Себаттын” ички абалын билип, бул жерде кайнаган “себатчылардын” ордун тартып алат. Булар башкаларды кабыл албайт.

— “Себат” тууралуу ушундай пикир келишпестигиңиз кантип жана кандай деңгээлде жүрдү?

— Бул кайым айтышуу, сын пикирлер негизинен социалдык баракчаларда гана жүрдү. Айрым ойлорумду ачык жазам, анан булар төө бастыга алып, жогоруда айтылгандай “Сиз эскисиз, Советтик көз караштасыз…”, — деп жатып калышат. Өздөрүнүн сенек, өз мамлекетинин мекенчил уулу болбой калгандыгы менен иши жок. Эгер булардын ичине киргенимде усулдарын, окутуу ыкмаларын талдап берет элем.

— Дал ушул “Себаттын” айынан бүгүнкү күндө кыргыз-түрк мамилеси да жакшы эмес болууда. Булар эмнеге ушундай мамлекеттик саясатка чейин таасир этип калышты?

— Маселенин баары ошондо болуп жатпайбы. Мисалы, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан Феточулардын чыныгы жүзү ачылган 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүш аракетине чейин эле жаап, кубалап чыгарышкан. Ал эми бизде дале болсо атын өзгөртүмүш болуп, иштеп жатат. Себеби биз аларга атаандаш боло турган улуттук мектептерди кура албай атабыз. Эмнеге булар мурда биз бакубат кезде кирген жок? Себеби кире албайт болчу. СССР кулап, өз алдыбызча мамлекет болгон менен алсырап турганыбыздан пайдаланып кирип кетишти да.

— Сиз “Себаттын” бүтүрүүчүлөрүнүн Кыргызстанга кызмат кылган мекенчилдик сезимин байкай алдыңызбы?

— Бул өтө татаал суроо. Себеби алар эч качан оюн ачык айтып, коомчулукка жарыялай бербейт. Жымжырт жүрүп, сындаганыңда талап киришет. Качан бир экстремалдык жагдай жаралганда, 2016-жылы Түркияда болгон төңкөрүш аракетиндей окуяларда чыныгы жүзү ачыкка чыгышы мүмкүн.

— Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн соң, “Себаттын” окуу программасы Билим берүү министрлиги тарабынан текшерилип, бекитилиши керек го.

— Азыркысын ичине кирип көрбөгөн соң айта албаймын. Кээде гана жаңы жетекчиси Нурлан Кудайбердиев “Биздин программаларыбыз Кыргызстандын талаптарына ылайык түзүлгөн, өзгөрдү…”, — деп калат. Мурдагысы Орхан Инанды айткандай.

— Өзүңүз мисал келтирген “Газпром” менен “Себаттын” мектептеринин айырмасы кандай?

— “Газпром” Советтик метод менен балдарды биринчи класстан алып, физика, химия сыяктуу баардык сабактарды окутууда. Ал эми “Себаттыкы” жогоруда айткандай тандалма жана бүдөмүк идеология таңуулангандыгында.

Маектешкен Адилет Жапаров

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: