Menu

Фото – 19 жашында велосипед менен дүйнө кыдырып чыккан немис кызы Мириам Ландгребе Бишкекке келди

Бөлүшүү:

Жаңы Зеландиядан бери велосипед менен дүйнө кыдырып келаткан Германиялык 19 жаштагы кыз Мириам Ландгребе октябрдын башында Бишкекке кирип келди. Мириам жупунулукту сыйлагандыктан өзү жөнүндө көп айткысы келбегенин биз түшүндүк. Ошентсе да ал биздин айрым суроолорубузга кыскача жооп берүүгө макулдугун берди.

Мириам, алгач сиз өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

– Мен Германиянын Кельн шаарынан болом, жашым 19да, ата-энем жана 21 жаштагы бир тууган эжем бар. Атам искусствонун кишиси, апам инженер.

-Саякатка кандайча чыгып калдыңыз?

-Үстүбүздөгү жылдын январь айында, менин жашым 19га караганда, мен өз алдынча болууну самап, өзүмдү сынап көрүү үчүн ата-энемди көндүрүп, Жаңы Зеландияга учуп кеттим. Ал жерде бир кой баккан фермага ишке кирип, 6 ай иштедим. Койдун этин аябай көп жешет экен. Мен болсо веганмын, эт жебейм. Алар мени “эт же” деп көпкө чейин көндүрүүгө аракет кылышты. Мен албетте көнгөнүм жок. Бирок мен эт жеген адамдарга деле сый мамиле кылам. Ар кимдин өз эрки. Анан биринчи айлыгыма өзүмө велосипед сатып алып, ал чөлкөмдү бүт велосипед менен кыдырып чыктым. Анан бүтүндөй Жаңы Зеландияны велосипед менен саякаттадым. Австралияны кыдырдым. Айлык маяналарымды жыйнап, акырында ата-энеме “Жаңы Зеландиядан Германияга чейин велосипед менен барам” десем чочуп кетип, каршы болушту. Бирок мен көгөрүп жатып, аларды көндүрдүм да быйыл июнь айында саякатка чыктым. Океандын үстүнөн самолет менен учуп Сингапурга түштүм, андан бери жер үстүндө гана келатам…

Мириам Австралияда

Мириам Камбоджада

Мириам Таиландда

-Кайсы өлкөлөрдө болдуңуз, канча жол жүрдүңүз?

-Велосипед менен Бишкекке чейин 9000 км жол басып келдим. Сингапурдан кийин Малайзия –Таиланд – Камбоджа – Ветнам – Лаос – Кытай – Казакстан – Кыргызстан болуп келатам. Эми Бишкектен Төө-Ашуу аркылуу Ошко кетем, Оштон Сары-Таш аркылуу Памир тоолорун аралап Тажикстанга өтөм…

Мириам Бишкектин вегетариандык ресторанында

-Памирге кыш келип калды го? Велосипед менен тоолордон кантип өтөсүн?

-Буйруса өтөм. Мен Памирден кышында өткөндөр менен сүйлөштүм, ал тууралу көп окудум.

Мириам, сен баатыр кыз экенсин. 19 жашыңда дүйнө кезип велосипед менен саякатка чыкканың аз келгенсип, эми Памир тоолорун кышында велосипед менен ашам деп жатасын. Мен 19 жашымда мындайга батына албайт болчумун…

-Мындай мактоо сөзгө өзүмдү татыктуу деп эсептебейм, анткени аны иш жүзүндө далилдеш керек. Памирди ашканда көрөбүз, эмнеге жарарымды… Памирден кийин Душанбе, андан Өзбекстандын Бухара жана Самаркандына өтөм. Түркмөнстандан Иранга сапар тартам.  Мен Иранга жеткенде атам Германиядан учуп келип, мени көрүп, учурашып кетем деп жатат. Январдан бери аларды көрө элекмин. Интернет менен гана байланышам. Ирандан Түркияга өтөм, андан ары Европа башталат, кол сунсаң үйгө жетесин. Аман болсом 2020-жылдын апрель айында Германиядагы үйүмө кирип барам. Ошондо велосипед менен 17000 км жол баскан болом.

-Ушул узун саякатыңда кайсы өлкөлөр сага өзгөчө таасир калтырды?

-Ветнам менен Кытай өзгөчө мага жакты. Кытай тууралу биздин Европада терс пикир көп. Бирок мен өз көзүм менен көргөндө анын баары чындык эмес экенине көзүм жетти. Айрыкча эли аябай меймандос, ак жүрөк болот экен. Тилекке каршы Кытайга визам 1 эле айга болгондуктан ал жерде велосипед менен 30 күн гана жүрө алдым. Визамдын мөөнөтү аяктап баратканда, тезинен өлкөдөн чыгып кетиш үчүн поездге олтурууга да туура келди. Визамдын мөөнөтү көп болгондо Кытайды дагы кыдырмакмын. Ветнамда мен көп досторду таптым, ошондон бери азыр да интернет аркылуу тынбай байланышып турам.

-Жаңы Зеландиядан велосипед менен бүт Азия аркылуу Германияга саякатың аяктагандан кийин кандай пландарың бар?

-Кийинки, 2020-жылы апрелде Германияга жетип алсам, университетке тапшырып окуйм деген планым бар. Ата-энеме да ушинтип убада берип койгомун. Бирок студент кезимде тынбай велосипед менен Европанын бардык өлкөлөрүн кыдырып чыгайын деп жатам. Андан аркы пландарымды азырынча айтпай турайын…

– Велосипед менен саякаттоо сага эмне берет? Саякаттын бул түрүнүн башкаларынан кандай айрымасы бар?

-Мен өзү жаштайыман эле спортту жана жаратылышты, саякатты жакшы көрөм. Сууда сүзүү жана чуркоо менин калыптанып калган адатым. Велосипед мага дүйнөнү жай кыдырып чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Самолет, поезд, автобус менен бир чекиттен экинчи чекитке зуулдап тез эле кетип каласын. Ал эми велосипед менен жай кыдырып, каалаган жериңе токтоп-түнөп, эл аралап, элдин жашоо мүнөзүн, салттарын, айылдардагы жашоосун, алардын тамак-ашын көрүп, таанышып жүрүп олтурасын. Барган жеримде ал элдин тили менен маданиятын аз болсо да үйрөнөм. Каалоочуларга немис тилин жана маданиятын үйрөткөнгө аракет кылам. Дегеле өзүм китеп окуганды жакшы көрөм.

Кыргызстанга келгенден бери кыргызча эмне сөз үйрөндүңүз, эмнени көрдүңүз?

-Бул жерде жаңы тапкан досторум “Аман бололу!” деген сөздү үйрөтүштү. Бишкекте вегетариандык ресторандар же болбосо дээрлик бардык кафелердин менюсунда вегетариандык тамак-аштар бар экендиги мени кубандырат. Шаарды бир кыдырып чыктым, мага жакты. Аламүдүн капчыгайы аркылуу тоого да чыгып келдим. Убактыт болуп калса Ысык-Көлгө барып келем. Анан Суусамыр аркылуу Жалал-Абад менен Ошко өтөм…

Мириам Аламүдүн капчыгайында

Мириам улуу жолго чыкты

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: