Бишкек шаарындагы троллейбустардын баары кышка даяр. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, вице-мэр Азиз Алымкуловдун тапшырмасы менен кызматкерлер Бишкек троллейбус башкармалыгына (БТУ) барып, троллейбустардын күздөн кышка даярдыгын текшеришкен. Техникалык (тормуз, цилиндр, амортизатор, дөңгөлөк, аккумулятор, жылыткычтарынын) баары кышка даяр экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ