Бүгүн, 11-октябрда Нарын шаарынын “Алма-Бак” паркында Шаар күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Шаардыктарды куттуктап өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Алымкулов, орун басары Жаркын Ибраева, вице-мэр Салтанат Эсенаманова, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев келишти.
Майрамдын алкагында “Нукура” фестивалы уюшутурулуп, улуттук тамак-аштар жасалып, кыргыз элинин салты көрсөтүлдү. Кол өнөрчүлүк буюмдары сатылды. Театрлаштырылган программа коюлду.
Белгилей кетсек, азыркы тапта Нарын шаарында 50 миңден ашык калк жашайт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ