Menu

Экономика өлөсөлүү. Өкмөт азыркыдай темп менен иштесе көпкө чыдабайт

Бөлүшүү:

Мамлекеттик казынанын таңкыстыгы, экономиканын өпчап абалы, өкмөттүн 100 күндүк өлөсөлүү иш ыргагы күзгө карай социалдык, экономикалык оор жагдайды шарттабайбы? Кыргыз бийлигинин мындай алсыз, кашаң жүрүштөрү анын оппоненттеринин чырагына май тамызып, бүгүнкү өлкө жетекчилерине карата элдин жаалын кайнатпайбы? Өлкөдөгү болуп аткан соңку социалдык-экономикалык чыныгы абал кандай? Өкмөттүн кышка даярдыгы күчүндөбү? Биз бул жагына кызыгуу менен тиешелүү эксперттерден жооп алууга аракет кылдык.

Эмил Үмөталиев, экс министр: – Чындап келсе көптөн бери эл өзүн-өзү багып эле келатат. А өкмөт керектүү иштерди көрсөтө элек. Кандай болгон күндө да күзүндө чоң саясатчылардын тирешүүсү болор-болбосу азырынча анык эмес. Ал эми кыргыз өкмөтү азыркыдай иштөө ыргагы менен көпкө чыдабайт го. Көрөсүңөр, алмаштырылат. Биз азыр соода эркиндикке керектүү иштерди жасаганыбыз оң. Мурда өлкөбүз бул жагынан эркин аймак эле. Азыр коңшу Өзбекстан тез темпте ири реформаларды жасай баштады. Коңшу өлкөлөрдөн биз артта калбашыбыз керек. Тез арада «Ачык асман» саясатын жарыялоого мезгил келди. Ошондо гана соода жолдорубуз арзан болот. А азырчы? Бул жагынан Москва менен Стамбулдун туткунундабыз. Анткени, дүйнөгө ошолор аркылуу гана учуп кете алабыз. Башка аба майдандарга учуш үчүн ар башка авикомпанияларга «Ачык асман» саясатын бир тараптуу жарыя кылышыбыз зарыл.

Качкын Булатов, укук коргоочу: -Чындыгында президенттин оозун карап иш кылган өтө оор болот. Себеби, бир жагынан реформа кылууга жол берилбей, пикир келишпестик, өнүгүүгө тоскоолдук жарата берет. Ошондуктан, бир багыт алыш дагы өтө опурталдуу болууда. Өлкөдө абал баягы Крыловдун тамсилиндей: арабаны өйдө тартса, бийлик ылдый тартып тоскоолдук жаратууда. Күч органдары, прокуратура, чириген сот системасы реформа кылынбай, сөз бойдон калууда. Коррупция баягыдан да күч алды. ИИМ, УКМК калп эле иштеп жаткан сыяктуу имитация менен алек болушканы жалганбы? Прокуратура системасында пара күч алып, жаңы фазага жеткенин, паранын көлөмү жүз миллион долларга чыкканын кайда катабыз? Көмүр сатып алуу тендери дагы баягы бойдон калды. Анан кайсы коррупция менен күрөштү айта алабыз? Соттор баягыдай эле буйрукту аткарып, жалган жеринен саясый туткундарды бошотпой жатышканы жалганбы? Маалымат каражаттарына жазылган сын-пикирлерди бүгүнкү бийликтегилер угуп, андан адилеттүү тыянак чыгарышпайт. Анан бизде кайдагы экономикалык өсүш болот? Ушундай жагдайларды карап туруп «жакынкы арада өнүгө алабызбы?» деген чоң суроо туулат. Кыязы, бүгүнкүдөй ыргак менен күз кызыктуу болору бышык. Тышкы карызды төлөбөсө, анда эл бийликти сапырып ийиши мүмкүн. Учурда элдин кыжыры чекке жетти.

Балбак Түлөбаев, «Аю холдинг» ишканасынын вице-президенти: – Ар бир өкмөт өзүнүн күчүнө жана шарттарга жараша иштейт. Өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча көрүп атабыз теледен, иштеп эле атышат го. Негизи эле бул өкмөт өтө татаал убакта келди, б.а. өткөөл мезгилде бийлик алмашып, коррупциялык аракеттер күчөп турганда келди. Учурда камоолор сестентип, айранды үйлөп ичкен убак. Ошондуктан, калганын өзүңөр ойлогула. Эл да шарттарга түшүнүш керек. Өкмөт негизи элдин жүгүн жеңилдетүү үчүн аларга кызмат кылуу үчүн гана бар, башка шарты жок. Ушундан четке чыгып кетсе, анда эл кайсы убак болбосун өз чечимин чыгарат. Азыр өкмөт ишти жаңы эле баштады, ашып кетсе 100 күн болуп калды го. Бир чоң долбоорду ишке ашырып, андан ары иштеп кетүүсү учун эң аз дегенде бир жыл керек. Элдин абалы орто. Ар ким өз күнүн көрүп атат. Азыр тоскоол болбой эле тура турган оң. Болду да. Оокат кылып, көчтү улабайлыбы? Эң негизгиси мыйзам менен жашаганды үйрөнөлү.

Искендер Гаипкулов, ЖК депутаты: – Менимче, Мухамметкалый Дуйшекеевич өзүн пиар кылбай эле ишин жыйынтык менен көрсөтөйүн деген аракеттерди кылып жатат. Бүгүн менин билишимче, мугалимдердин, соцкызматкерлердин, дарыгерлердин эмгек акылары менен эмгек өргүүгө чыкканда алуучу маяналары каникул убагында толук төлөнүп берилди. Мамлекеттик казынанын таңкыстыгы менен социалдык-экономикалык абал азырынча билине элек, 9 айдын жыйынтыгы менен бюджеттин аткарылышы каралганда билинет. Өкмөт кышка даярдык боюнча чечкиндүү жыйынтык чыгарса керек деп ойлойм. Өзүңүздөргө белгилүү, өткөн жылы өкмөттүн кандай даярданганын убакыт көрсөттү. Быйыл кайра өткөн жылдагыдай окуя кайталанса, эл аны кечирбейт. Менин оюмча, тезирээк облустардагы өкмөт өкүлдөрүн, акимдерди, шаар башчылары баштаган жетекчилердин ротацияларын бүтүрүп, күзгө даярдыкты үзгүлтүккө учуратпай башташы керек.

Канжар Борпошов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: