Ошто жашы жете элек кызды тоноп кетишти. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 10-октябрында А.Навои көчөсүндөгү балдар аянтчасынын маңдайынан коркутуу жолу менен 2007-жылы туулган жергиликтүү тургун Ж.С.нын уюлдук телефонун, наушнигин жана 1000 сомун тартып алышкан.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (тоноо) фактысы боюнча катталган.
13-октябрда Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тоноочулукка шектелген Жалал-Абад облусунун тургуну 2003-жылы туулган А.кызы Г. жана 2006-жылы туулган Л.О. кармалган.
Кыздардын башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги такталууда. Сотко чейинки процесстер башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ