– Өмүрбек Токтогуловичти Руслан Казакбаевдин тоюнан көрүп калдык. Ал киши эмне, кайра келди беле?
– Ооба. «Эки-үч күндө келет» дебедик беле?
– Чогуу барып, чогуу келдиңиздерби?
– Жок. Жумуштарым бүткөндөн кийин мен эртерээк кайта бергем.
– Эми бул жерде эле болобу?
– Анын жеке пландарын мен билбейм да. Ал өзүнчө адам, өзүнчө инсан. Бүгүнкү күндө саясатта эмес. Бабанов чоң бизнесмен эмеспи, өзүнүн иштери менен бир күнү Россияда, же Кыргызстанда, дагы бир күнү Түркияда болушу мүмкүн…
– Бабановдун Текебаев, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр мүнен түшкөн сүрөтүнө кандай комментарий бересиз?
– Ал эми жөн эле тойдун сүрөтү. Сиз өзүңүз деле тойлорго барып жүрөсүз. Сизди кумир туткан, сыйлаган адамдар сиз аларды тааныбасаңыз деле келип сүрөткө түшүшөт. Андыктан, андай сүрөттөргө саясый маани, саясый боёк бербеш керек.
Аттокур Жумаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ