Menu

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: Аскарбек Шадиевдин качканына таң калуунун кереги жок

Бөлүшүү:

-Токтогул агай, коомчулукта коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жатат деген пикир арбын айтыла баштады. Бул боюнча оюңузду уксак…

-Ооба, ошондой пикирди айткандар бар. Бирок коррупцияга каршы күрөштү президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында аныктаган жана күч түзүмдөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилген. ТЭЦ боюнча, жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган 30 миң доллар ж.б. окуялар боюнча мыйзам чегинде тергөө иштери болуп жатат. Албетте, айрым учурларда командалык кызыкчылык да болбой койгон жок. Муну жашырып болбойт. Тандалма түрдө иш козгоо, куугунтуктоо болуп жатат деген сөз ушундан улам айтылып жатабы деп ойлойм.

-Коррупцияга шектүү деп айыпталган Аскарбек Шадиевдин чек араны бузуп, өлкөдөн чыгып кетиши көпчүлүктү таң калтырууда. Ал атайын качырылган жокпу?

-Шадиевдин качышы эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу болгон жок да. Ага таң калуунун эч кереги жок. Өлкөдө мыйзам күчтүү болсо, бийлик Конституцияны сыйласа мындай жосунсуз иштер болбойт эле. Тилекке каршы, Акаев бийлигинен бери баш мыйзам тепселенип эле келе жатат. Кайра-кайра алмашыла берип баш мыйзамдын ашмалтайы да чыгып бүткөн. Бакиевдин убагында баш мыйзам бир эмес, бир нече ирет алмашылып, өлкө мыкаачылыкка, баскынчылыкка айланганын кантип жокко чыгарабыз. Эми болсо, Алмаз Атамбаев башында турган КСДП партиясынын 23 жылдан берки тарыхында партия мүчөлөрүнүн ич-ара ынтымагынын, биримдигинин жоктугунан бүгүнкү күнү бийлик тараптан Атамбаевдин командасына иш козгоо болуп жатат.

Кытай мамлекетине Бишкектин жогору жагынан элчиликтин имаратын курууга 3 гектардан ашык жер берилди. Жерди бербеш керек эле дегендер болууда…

-Жердин берилиши туура эле болду. Кытайлар ал жерге завод-фабрика куруш үчүн алган жери жок. Элчилигин курганы жатышат. Мындан кыйкым издеп, чуу чыгарыштын эч кереги жок.

-Жогорку кызматтарга кызматкерлерди дайындоодо жердешчилик, тууганчылык көрүнүштөр орун алган жокпу?

-Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери тууганчылык, куда-сөөк, жердешчилик менен иш жүрүп келе жатат. Мындай көрүнүшсүз Кыргызстанда ишти элестетүү мүмкүн эмес. Бийликтеги жогорку кызматка ким келбесин өз командасын алып келет. Иш билсе-билбесе дагы анын жакын таанышы кызматта иштеши керек болот. Мындай ыплас көрүнүштөн арылууга мезгил жетти. Бирок арылуу азырынча өтө кыйын. Калыптанып калган көрүнүштү жок кылуу мүмкүн эмес.

Жангороз Эсенгелдиев

Булак: “Фабула”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: