Menu

Кытай тилин үйрөтүү боюнча класс ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-октябрда, Улуттук илимдер академиясынын борбордук илимий китепканасында жаш окумуштууларга жана мектеп окуучуларына кытай тилин акысыз окутуу боюнча “кытай класстарын” ачуу иш-чарасы болду.

Катышуучулар кытай тилин үйрөтүүнүн максаты, кытай-кыргыз мамилесинин бекемдөөгө болгон салымы боюнча жылуу сөздөр айтышып, долбоор жакшы ийгиликтер менен аяктаарына ишенээрин билдиришти.

Кытай класстарынын бет ачарына келген КР Тышкы иштер министринин кеңешчиси Кубанычбек Джусаев аталган иш-чараны кытай таануу жана кыргыз тарыхын изилдөөгө салымын кошоорун белгилей кетти.

– Бул абдан маанилүү окуя дээр элем. Мурда кытай тилин билгиси келгендер китеп жок, абдан кыйналышчу. Азыр болсо сиздердин аракетиңиздер менен ачылган акысыз кытай тилин үйрөтүү – жаш окумуштууларга кеңири жол ачканы жатат. Дагы бир маанилүү жагы, Борбор Азиянын, кыргыздардын тарыхын изилдөөдө кытай булактары чоң роль ойноп келген – деп билдирди.

Кытай тилин үйрөнүү боюнча класстарды ачууда көмөктөшкөндөрдүн бири, КЭРдин билим берүү боюнча долбоорлорунун өкүлү Чэн Дин Лин аталган долбоорду даярдоодогу маселелерге токтолуп, төмөнкүлөрдү айтты:

– Бул долбоордун ачылышы менен сиздерди куттуктайм. Бул көп убакыт бою даярдалган ишибиз эле. Шаар боюнча кытай тилин үйрөнүү акы төлөө менен жүргүзүлөт. Ал эми бул жерде алгачкы жолу акысыз окутулганы жатат. Сиздерге кытай тилин үйрөнүү менен катар маданиятын, ашканасын да үйрөнүүнү каалайбыз. Алган билимиңиздер керекке жарасын демекчимин. 

Иш-чаранын алкагында Х.Карасаев атындагы БГУнун  кытай факультетинин деканы Лю Владимир Ганович катышуучуларга кытай тилинен алгачкы сабак өткөрүп, кытай иероглифтеринин, сүйлөө ыргактарынын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп кетти. Ошондой эле кытай ыры жаңырып, кылымдар бою өнүгүп келе жаткан у-шу өнөрүнөн үзүндүлөр көрсөтүлдү.

Иш-чарага Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары,  Кытай Элчилигинин өкүлдөрү, жождордун окутуучулары, белгилүү инсандар катышты.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) Борбордук илимий китепканасы (БИК)  өлкөдөгү  кѳрүнүктүү жана ири китепканалардын бири. Биздин китепкананын негизги максаты  республиканын окумуштуулары менен илимдин  жаш изилдөөчүлөрүнө дүйнөнүн бардык илимий ресурстарынан аларга керектүү илимий маалыматтарды алып берүү жана  сунуштоо. Мындай булактардын бири болуп,   дүйнө жүзүнѳ ар кандай  басылмаларды таратуучу Кытай Эл Республикасынын “CEPIEC”  компаниясы эсептелет. Бул уюмдун максаты дүйнө жүзү боюнча кытай билимин алууга түрткү берүү жана  маданий коммуникацияны көбөйтүү болуп саналат. Кыргызстандын окумуштуулар чөйрөсү да кытай окумуштууларынын эмгектерине кызыкдар экенин эске алып,  2014-жылдан баштап  БИК  Ханбань чөлкөмүнүн Конфуций атындагы институту менен биргелешкен долбоордун үстүндө иштеп жатат. Бул долбоордун демѳѳрчүсү  ушул CEPIEC компаниясы болуп саналат. Жүргүзүлгѳн иштердин натыйжасында  ошол эле жылы КР УИАнын  Борбордук илимий китепканасында “Кытай бурчу” уюштурулуп, анда   кытай, англис жана орус тилдеринде  жарыяланган ар кандай (электрондук, мультимедиялык ж.б.) басылмалар  менен китептер топтолду.  Мына ошентип,  БИКтин азыркы милдети кыргыз окумуштууларын кытай илиминин жетишкендиктери жана алардын илимий эмгектери менен тааныштыруу болду. БИКтин илимий изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө, кытай тилиндеги  илимий маалыматтар көптөгөн изилдөөчүлөр үчүн тил билбегендиктен жабык бойдон калып жатканын эске алып,  БИК  айтылган долбоордун уландысы катары кытай тилин үйрөнүү боюнча атайын  курстарды уюштурууну максат кылды.  Ошондуктан  КР УИАнын жаш окумуштуулары менен  изилдөөчүлөрүнѳ жана жогорку класстын мектеп окуучуларына  кытай тилин үйрѳтүү  үчүн атайын класстарды ачып жатабыз. Окутуу класстары керектүү болгон компьютердик техника жана эмеректер менен жабдылып окутуу бекер жүргүзүлѳт. Мугалимдер Бишкек гуманитардык университетинин Кыргыз-кытай факультетинен чакырылды .

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: