Menu

Жылдызкан Жолдошева, экс депутат: «Сапар Исаков ички булактардан казактар койгон жети талапты аткара турган каражатты таап, маселени чечиши керек»

Бөлүшүү:

— Жылдыз Айтибаевна, кыргыз-казак чек арасы жабылган кезде “Бул жабылган чек ара карапайым элдин башына түшкөн мүшкүл иш болот деп” өз оюңузду айттыңыз эле. Ошол сиздин айтканыңыз азыр туура чыгып калды. Анткени көптөгөн дыйкандардын эмгеги талаага кетип жатат. Эми ушул маселени кандай чечсе болот?

— Тилекке каршы өз убагында айтылган сөздү бийлик тарап дагы, андан тышкары ошол эле талапкер дагы уккан жок. Баардык нерсе өз убагында жасалса мынчалык кыйынчылык болмок эмес. Бирок ушундай абалга келип калдык. Эми биз кантип чек ара маселесин чече алабыз? Бул маселени жаңы келген президент кантип чечет? Албетте, кошуналар менен мыйзам ченемдүү иш алып барышы керек. Аларга ачуу сөз да айтылбашы керек. Себеби биз эгемендүү өлкө болгондон кийин бул маселе мыйзам түрүндө гана чечилиши кажет. Эми мыйзам түрүндө Казакстан айтып жатат, жети талапты аткаргыла деп. А жети талапты аткарууну эмне үчүн талап кылды? Себеби 100 млн гранттык долбоорду Жогорку Кеңеш денонсация кылып салбадыбы. Тактап айтканда ошол гранттан баш тартпадыбы. Ал грант ошол жети талапты аткаруу үчүн берилмек эле. Бирок Казакстан дагы бул маселени өз учурунда чечпей жылдап созуп жиберди.

— Демек, кошуна өлкөнүн койгон жети талабы аткарылганда гана маселе ойдогудай чечилеби?

— Эгерде өлкө башчысы көз карандысыз мен өзүм чечем десе, анда ички булактардан ушул 100 млнду издеши керек. А кайсы жакта бизде акча каражатына байланышкан коррупциялык схемалар жаткандыгын Казакстандын премьер-министри ачык айтты. Ошондуктан өкмөт башчы Сапар Исаков ички булактардан казактар койгон жети талапты аткара турган каражатты таап, маселени чечип, мындан ары Казакстан менен мыйзам ченеминде гана иш алып баруусу керек. Мына ушул жети талап аткарылганда биз Казакстан менен тең ата сүйлөшүп, ошондо гана эгемендүү мамлекет катары чек ара маселесин чечип алсак болот. Бул биринчиси. Экинчи маселе албетте жаңы президентке оор болуп калат. Себеби азыр экономикалык, финансылык, саясий кризис келди. Кызматка жаңы келген президент кошуна өлкөнүн жетекчилерине, элине сый мамиле жасап, дипломатиялык жол менен гана буга чейин топтолуп калган маселелерди чечиши керек.

— Учурда элдин эң башкы көйгөйүнө айланган дагы бир маселе тууралуу да оюңузду уксак. Эл кыштан аман-эсен чыгышы үчүн Өкмөт кандай чара көрүшү керек?

— Эми үчүнчү маселе кыш жакындап калгандыктан эл кыйналып жатат. Дыйкандар өзүнүн алган түшүмүн чек аранын кесепетинен өзү каалагандай баага сата албай калышты. Азыркы кезде дагы кантип сатары белгисиз болуп жатат. Азыр элдин көйгөйү «Көмүрдү кантип алабыз? Кантип кыштан аман-эсен чыгабыз?» деген маселеде болуп жатат. Эми ушул маселени кантип чечүүнү Өкмөт моюнуна алышы керек. Сырттан импорттолуп келе турган көмүрдүн 50%ын өзү төлөп бериши керек дагы, калган 50%ын элге бериши керек. Тагыраак айтканда көмүрдүн бир тоннасы 4 миң сом боло турган болсо, ал Караганданын көмүрүбү, же өзүбүздүн көмүрлөрүбүз болобу Өкмөт эки миң сомун төлөп, эл эки миң сомго гана сатып алышы керек. Мына ошондо гана түзүлүп калган кырдаалдан ишенимдүү чыксак болот деп ойлойм.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: