Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен учуп кетти. Мамлекеттик сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен тар жана кеңири курамда жолугушат. Бул туралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.
Андан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп барат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ