Бүгүн, 17-февраль күнү Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушуна каршы чыккан адамдар кабыл алынган резолюциянын талаптарын айтышты. Эгерде ал талаптар эки жуманын ичинде аткарылбаса, 2-мартта кайрадан митингге чыгаарын айтышты.
Ат-Башы элдик жыйынын резолюциясы:
1. Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн 200 гектар жер аянтын Нарын СЭЗге берүү токтому жокко чыгарылсын;
2. Нарын СЭЗ менен “Нур Строй” курулуш фирмасынынортосундагы келишим жараксыз деп табылсын;
3. Ат-Башы районунун аймагындагы болуучу ушул сыяктуу чоң иштер, кен-байлыктарды элдик жыйында чечилсин;
4. Эл менен эсептешпей туруп өзүм билемдик менен буйрук чыгарган Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Стамакуновго катуу эскертүү берилсин;
5. Бүгүн элдин алдына чыгып сүйлөгөн атуулдарды укук коргоо органдары тарабынан коркутуп-үркүтүү, алар үчүн иштеген жолдошторун, уул-кыздарын, туугандарын куугунтуктоо токтотулсун.
Жогорудагы талаптар 1-мартка чейин аткарылбаса реалдуу кадамдарга барышарын эскертишти
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ