Menu

Атамбаевдин мамлекеттин мыйзамдарына баш ийгиси келбей жатканы кандай?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик масштабдагы ири коррупциялык иштерге жана Батукаевди бошотуу сындуу чоң кылмыштарга шектелип кол тийбестиктен ажыратылган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө 8-июль күнү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү барып, 9-июлга күбө катары суракка чакыруу кагазын беришкен. Бирок, Атамбаев суракка келбей турганын айтып баш тартты. Ага удаа 11-июль күнгө дагы чакыруу берилсе, андан да баш тартты. Мындай шартта тиешелүү органдар кандай кадамдарга барышы керек? Эгер мамлекеттин мыйзамына баш ийбеген учурда күч түзүмдөрү тарабынан ыкчам чара көрүлбөсө акчасы менен курал-жарагына таянган коктунун «баатырлары» чыгып, эртең уруу-урууга, аймак-аймакка бөлүнүп калбайбызбы? Мына ушундай суроонун тегерегинде элге төбөсү көрүнгөн инсандарга кайрылып көрдүк.

Жамин Акималиев, коомдук ишмер: «Бийлик Атамбаевди мыйзам чегинде жазага тартыш керек»

—Атамбаевдин акылы болсо тизелеп келип кыргыз элинен кечирим сурашы керек. Эгер көгөрө берсе бийлик мыйзам четинде жазага тартыш керек. Колу менен жасаганын мойну менен тартсын. Жаш прокурор жумшак айтып «Атамбаевге коюлган күнөөлөрдө кылмыштын белгиси бар» деди. Белгиси эмес накта өзү турганын көрүп жатабыз. Атамбаевсиз Батукаевди ким чыгара алат? Өз ыктыяры менен кеткенден кийин жөн жатпай коркутуп, шантаж кылып, кайра басып алам дегени эмне деген шумдук. Демек, Атамбаев күнөөсү бар экенин сезип жатат. Эң жаманы, Атамбаев президент болуп турганда «кыргыздын душманы кыргыз, бөлүнбөгүлө» деп жүргөн. Бүгүн болсо кымындай кыргызды колот-колотко, түндүк-түштүккө бөлүп жатат. Бул чоң кылмыш, атайын берене бар. Сталиндин учурунда болсо атып салмак.

Талант Мамытов, Жогорку кеңештин депутаты: «Процессуалдык кодекстин негизинде мажбурлап алып келиши керек»

—Бардык иш мыйзам чегинде болушу керек. Атамбаев кыргыз жараны болгон соң биздин мыйзамга баш ийиши зарыл. Тергөөчүлөр кайсы бир ишти оюнан чыгарып чакыруу жаза албайт жана өз алдынча чечим чыгарганга акысы жок. Чуулгандуу иштерди ар тараптуу иликтеп чыгуу үчүн Атамбаевди суракка чакырыш керек, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мыйзамдын талаптары ошондой. Эгер Атамбаев тоңмоюндук кылып суракка барбай, тергөөгө тоскоолдук жаратса тергөөчү аны мыйзам чегинде жаза-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык мажбурлап алып келиши керек. Ага укугу бар.

Клара Сооронкулова, Конституциялык палатанын мурунку соту: «Мыйзамга баш ийбесе мажбурланып алып келинет»

—Мыйзамга баш ийүүдөн баш тартып жатат. Бул абдан жаман жүрүм-турум катары кабыл алынат. Мыйзамды урганым жок деген туура эмес. Мыйзам жакса дагы, жакпаса дагы баш ийишибиз керек. Албетте, Атамбаев өзү түзгөн системаны өзү билет, соттор, тергөөчүлөр кандай иштерин, ошондуктан ишенбей жатат. Алты жылда ошол системаны оңдоп кеткенде өзүнө дагы гарантия болмок. Талкалап бузуп кетти, эми ошого өзү ишенбей отурат. Мамлекеттик машинага канча киши чогултсаң да каршы туралбайсың. Атамбаевдин максаты башаламандыкка алып келүү. Баш ийбей турган болсо, ал мажбурланып алып келинет.

Турсунбек Акун, мурдагы акыйкатчы: «Атамбаев Ооганстандагыдай басмачылардын пайда болушун каалап жатат»

—Бардык жарандар мыйзамга баш ийиши керек. Атамбаев Ооганстандагыдай басмачылардын пайда болушун каалап жатат. Бул жакшылыкка алып барбайт. «Эсиң барда этегиңди жап» дегендей Атамбаев жапайы аракетин токтотуп, мыйзамдуу кадамга барыш керек. Болбосо анын мурдагы шектүү иштерине дагы жаңы статьялар кошулат. Кыскасы, Атамбаев сазга бата турган кадамдарды жасап, жаман жоруктарды баштап жатат. Буга карата мыйзамдын чегинде чара көрүлүшү керек.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: