Menu

Видео – Замир Жоошев, адвокат: “Равшан Жээнбеков күнөөсү жоктугун, актыгын далилдөөгө даяр”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-январь күнү Равшан Жээнбековдун адвокаты, анын тарапташтары басма сөз жыйын өткөрүштү. Жыйынды уюштургандар Равшан Жээнбеков ак жеринен кармалып, саясий куугунтукка кабылганын айтышты.

Жыйында адвокат Замир Жоошев Равшан Жээнбековго ИИМдин башкы тергөө кызматы тарабынан 7 берене боюнча айып коюлганын айтып, ага карата кылмыш иши негизсиз козголгонун айтты.

“Эгерде Равшан Жээнбековдун кандайдыр бир кылмышка күүнөөсү бар болсо, эмне үчүн аны окуя болгондон кийин 5 айдан кийин кармашты? Себеби, тергөө органдарында эч кандай далили жок болгон. Бүгүнкү күндө дагы далили болбойт. Себеби, Равшан Жээнбековго карата козголгон кылмыш иштерине эч кандай тиешеси жок” – деп билдирди адвокат Замир Жоошев.

Мындан сырткары, адвокат Равшан Жээнбеков тарабынан кылмышка багытталган аракеттер болгон эместигин белгилеп, ага карата кылмыш иштери негизсиз козголгонун айтып, күнөөлүү эместигин далилдегенге даяр экенин баса белгиледи.

Эсиңиздерге кетсек, Равшан Жээнбеков былтыр, 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу”, «Бийликти күч менен басып алуу» беренелеринин негизинде камакка алынган. 14-декабрда, Биринчи Май райондук сотунда Равшан Жээнбековдун  баш коргоо чарасы каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1де кармоо чечимин чыгарган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: