Ким бирөө кызматынан бийиктегенине кубанса, ким бирөө өкүнөт экен. Маселен, ИИМдин мурунку министр Кашкар Жунушалиев азырынча кызылдай бош. Анүстүнө министр болуп келгени ошол креслодо түбөлүк олтурчудай болуп, бир топтордун куйругун баскан экен. Анан да өзгөчө чабал министр катары элдин эсинде калган Кашкар мырза эми кайра бир кызматка барышы оголе кыйын болсо керек. Өзү тар чөйрөдө олтурганда «Министр болбой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп жүрө берсем болмок экен» деген өкүнүч менен алпурушат дешет. Балким, чын эле министр болом деп амбициясын камчыланбаганда бул киши НИМ тармагында бир топко дейре «жем» жеп турмактыр. Айтор, Кашкар мырза ушу тапта министр болуп иштегенине абдан өкүнүп жатыптыр.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ