Menu

Экс-президент Азиз Батукаевге киши жөнөтүп, эмне деп суранып жатат?

Бөлүшүү:

Канкор жана коркунучтуу кылмышкер Азиз Батукаев Алмазбек Атамбаевдин жардамы менен боштондукка чыгарылганы белгилүү эле болуп калды.

Ошол кезде Батукаевди чыгарууга буйрук алгандар Атамбаевден тапшырма берилгенин ачыкташты. Жакында Алмазбек Атамбаев ушул осол иш, кылмышкерди кое бергени үчүн камакка алынышы мүмкүн.

“Уурунун арты кууш” – дегендей, экс-президент эми Азиз Батукаевге киши жиберип, “убагында жакшылык кылып чыгардым эле, эми мага жардам бер. Боштондукка чыгууга Атамбаевдин тийешеси жок, мени Асылбек Жээнбеков чыгарган деп интервью бер” – деп өтүнүптүр.

Азиз Батукаев ойлонуп, макулдугун бериптир. Бирок ал үчүн көп суммадагы гонорар сураганы, анын гонорарына дагы Атамбаев макулдук берип, сүйлөшүү аяктап калганы маалым болду.

Жакында Азиз Батукаев маек берип, “мени Жээнбеков чыгарган, Атамбаевди тааныбайм” – десе таң калбагыла.

Алмазбек Атамбаев актаныш үчүн кимдерге гана жалдыраган жок. Жанында эч ким жок, Мээрбек Мискенбаев менен гана калды. Жаз айында Адахан Мадумаровго киши жөнөтүп, биригели деп жүрдү. Сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкпай, Мадумаров кошулбай койду. Аргасы кетип кадимки гей-парадчы Равшан Жээнбеков менен кыска аралыкка саясий өнөктөш болду. Атамбаевдин айласы кеткенин карабайсыңарбы, ким менен болсо дагы биригүүгө даяр. Эми өзү чыгарган кылмышкердин артынан чуркап акча төлөп, интервью сурап жүргөнү уят эле иш.

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: