Menu

Аида Салянова, ЖК депутаты: “Индира Жолдубаева мыйзамды бурмалоого өтсө, Жылдыз Мамбеталиева калп айта баштады”

Бөлүшүү:

-Аида айым, сизге кылмыш иши козголду, бирок, бийлик коомдук пикирден чочулап, камай албай атканы боюнча маалыматтар тарады. Сиз негизи кандай баалап атасыз бул боюнча?

-Мага күнөө катары кылмыш кодексинин 304-беренеси коюлуп жатат. Берененин аталышы “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”. Эми тергөө кыянаттык эмнеде турат – далилдеши керек. Менин лицензия жандандыруу чечимим менен эч ким жабыркаган жок. Тескерисинче, эгер мен мыйзамды бузуп туруп лицензияны жандандырбай койгондо, мына ошондо кылмыш ишин козгогонго негиз болмок. Жогорку соттун пленумунун түшүндүрмөсүнө ылайык, 304-берене боюнча кылмыштын курамы материалдуу болушу керек. Башкача айтканда, сөзсүз кылмыштын кесепети жасалышы шарт. А бул жерде менин кыймыл аракетимен эч кимге эч кандай кесепет болгон эмес. Токтомдо “Елисеев лицензиясын алгандан кийин барып, Латвиядан фирма ачкан” дейт. Бирок, бизде болгон маалыматка жараша Елисеев фирмасын апрелде, башкача айтканда, лицензиясы токтоп турганда эле өзүнө фирма ачып алган. Биздин лицензия Кыргызстандын территориясында эле жарактуу. Токтомдогу дагы кызыктуу нерсе – Индира Жолдубаева “соттун өкүмү жок эле козголгон кылмыш иштин негизинде эле лицензиясынан ажыратыш керек эле” дейт. Бул – мыйзамды бурмалоо. Лицензия автоматтык түрдө жандандырылат. Адвокатты лицензиясынан ажыратса болот, эгер ал адвокат болуп туруп мыйзам бузууга барса. А Елисеев адвокаттык ишмердигин токтоткон, мыйзамдарды мамлекеттик кызматта туруп бузган. Демек, адвокаттар жөнүндөгү мыйзамдын ага тиешеси жок. Ал мыйзамдын негизинде ага эч кандай чара көрүлмөк эмес. Анын кыймыл аракетине кылмыш-жаза кодексинин негизинде укук коргоо органдары өзүнүн укуктук баасын беришмек. Менин адвокаттарым кылмыш ишин козгоо тууралуу башкы прокурордун токтомун алышты. Мен айткан жагдайлардан башка ал жерде эч нерсе жок. Демек, бул толугу менен саясый буюртма. Айтылган жагдайларды шашкалактабай дыкат карап, кийин уят болуп калбагандай кылып чечим чыгарышса болот эле да? Жок, анда болбой калмак. Анын себеби дагы саясый себеп. Анткени, 28-декабрда Конституцияга өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, кээ бир категориядагы кызматкерлерге кылмыш ишин конституциялык мыйзамдын негизинде прокуратура козгомок. Бирок, Салянованын оозун батыраак басыш керек да. “Конституциялык мыйзам кабыл алынсын” деп күтүп отурушмак беле? Ошол себептен, мыйзамдарды жакшы карабастан, шаша-буша кылмыш ишин Конституция күчүнө кирерден эки күн мурун козгошту. Ошол кездеги министрдин орун басары болуп иштеп турган Жылдыз Мамбеталиеваны дагы мажбурлап, калп айттырып атышат. Бирок, ал дагы “лицензия мыйзамдуу жандандырылган” деп айтып келет. Айтып кете турган нерсе, мен эч качан элдин алдында түшүндүрүп бере албай турган, мыйзамга туура келбеген нерсе жасаган эмесмин, жасабайм дагы. “Бул жагынан өч алам” деген адамга мындай убарадан майнап чыкпайт…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: