Menu

Оорукчан апа: «Чыдабай калганда уулум «Апа, кайыр сурайлычы» деди. Макул болсом тирүү калат беле…»

Бөлүшүү:

Жакын адамын жоготуу бүт дүйнөнү жоготуу менен барабар. Дарысына акча таба албай 17 жаштагы уулунан айрылган Зуура айымдын ушуга чейин ыйы азая элек. Каарманыбыздын экинчи уулунун да жүрөгү оорукчан. Өзү да дарысыз жашай албай калган Зуура айым аянычтуу тагдыры менен бөлүштү.

«3 БАЛА МЕНЕН ЖЕСИР КАЛГАМ»
– Жолдошум Шайырбек Ооган согушунун катышуучусу болчу, ал 2008-жылы жарык дүйнө менен коштошкон. Айылга кеткен болчу, жаткан бойдон турбай калыптыр. Жүрөгү ооруп жүрчү. Ошентип 3 бала менен жесир калдым. Башында базарда соода-сатык менен алек болчумун, кийин астма оорусуна кабылып, дары менен эле жашап калдым. Кызым турмушка чыккан, улуу балам Айбек эмне жумуш табылып калса, ошону иштейт. Кичүү балам Нурбек (ыйлап)
Кичүү уулум Нурбек каза болгондон бери жашап же жашабай жүргөнүмдү деле билбейм. Күн деле кантип өтүп жатат, билбейм. Улуу балам мен өлүп калсам таптакыр жалгыз калабы деп коркуп эле жанымды бекем тиштеп жашап жүрөм. Күйөөм каза болгондон кийин жашоого каражат такыр жеткире албадым. Ал убакта балдарым кичине болчу, мектеп жашында эле, тапканым арзан батирлерге төлөгөнгө жетчү. 2-3 миң сом төлөп жашаган батирлер кандай болмок эле, асты сыз, кышкысын суук. От жаксаң деле жылыбайт. Анан да ээлери ак сарайын берип жатышкансып кекетип-мокотуп, батирде жашагандарды адам катары көрбөгөндөрдү көрдүм.

«ООРУСУН КҮЧӨТҮП АЛДЫК»

– Ошентип күн өткөрүп жүрүп Нурбек 10 жашында 2 өпкөсүнө тең суук тийгизип алды. Дарыланып жакшы эле айыгып чыккан. Кийин деле ошондой шарты жок батирлерде жашап жүрүп оорусун күчөтүп алдык. Уулум 15 жашында кайра ооруп калды. Жаткан жеринде деле, турган жеринде деле окшуп эле кан кусуп жиберчү. Жанына дайыма баштык алып жүрчү. Дарыгерлер оорусун өпкөнүн өнөкөт поликистозу дешти. 3 жолу кан куюлду. Бул дарт өпкө менен кошо бүтүндөй организмди жабыркатат экен. Ашказан, боор, бөйрөктү кошо талкалайт турбайбы. Кийин бөйрөгү да ооруп, текшертсек дарыгерлер гломерулонефрит деген диагноз коюшту. 2 дарт тооруп балам өтө эле алсыз болуп кетти. Жүгүрүп иштеп жүрүп тапканым тамак-ашка, батир акысына, анан уулумдун канын алмаштырганга араң жетип жатты. Комплекстүү дарылатканга эч эле алым жетпеди. Эмне кыларымды билбей мечитке да барып жардам сурасам, 800 сом беришти. Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылсам, таптакыр эле көңүл бурбай коюшту. Көп жерлерге жардам сурап барып жаман сөздөрдү да угуп жүрдүм.

«УУЛУҢУЗДУ АЗЫР ЭЧ БИР ДАРЫГЕР КАБЫЛ АЛБАЙТ ДЕП КОЮШТУ»
– Туугандардан карыз сурадым. Бербесе бербей тургандарын айтып коюшса, үмүт кылып отурбай башка арга издемекмин да. «Мына берем», «эртең берем» деп жалдыратып туруп бербей коюшту. Алардын кечеңдетип жатканын байкаган балам «Апа, алардан үмүтүңдү үз. Мен өзүм эле кайыр сурайм. Жыгылып кетпейин, болгону сен мени алыстан карап тур» деп айтты. Мен такыр болбой койдум. Ким эле оорукчан уулу кайырчылык кылып жатканын жүрөгү чыдап карап турмак. Өзүм деле кайырчылык кылайын деп такыр чыга албай койдум.
Уулум 2017-жылы 10-сентябрда каза болду. Акчам жок баары бир дары сайбагандыктан, ооруканада көзүн жалдыратып жата бергиче деп андан бир күн мурун үйгө чыгарып келгем. Түнү менен аябай кыйналып чыкты, эртең менен «Тез жардам» чакырсам 2 дарыгер жигит келди. Алар «Эже, уулуңуздун абалы өтө эле оор. Алып барганыбызда деле бир да дарыгер албайт. Кыйнабай эле коёлу» дешти. Ошол сөздү угуп нес болуп калыптырмын. Ошондон көп өтпөй эле уулум кете берди. Балким, кайыр сурап каражат тапсак, уулум тирүү калат беле (ыйлап).
Учурда тирүүнүн өлүгүмүн. Үйдөн деле чыкпайм, тоокканадай болгон батирде жашайбыз. Улуу баламдын да жүрөгү ооруп, буттары шишип кетет. Аны деле толук дарылатканга каражат жок. Ооруса 2 күн укол алып эле «апа, иштебесем болбойт» деп жумушуна чыгат. Акча жоктун айынан кичүүсүн жоготтум, эми улуусун жоготуп албайын деп коркуп кетем.

Нуржамал Жийдебаева

Булак: Супер Инфо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: