Menu

Жакшылык Бердибек уулу, “Де-Факто” гезитинин экс-редактору: “Азыр “Де-Факто” гезитин Илим Карыпбековдон Иса Өмүркулов сатып алган, ал кимди шыба десе Амантур Мусагулов ошону шыбап жүрөт”

Бөлүшүү:

Бул сүрөт 2014-жылы тартылса керек. (Сүрөт төмөндө тиркелген – ред.) Сүрөттүн тарыхы мындай. 2014- жылы “Де-Факто” гезитинде чогуу иштеген жамаатыбыз менен тоого эс алууга чыкканбыз. Барган жерибиз муногул эле Ала-Арчанын ичи. Билесиңер, Ала-Арча суусу мөңгүдөн агып чыгып, өтө муздак. Жаратылыш эргитип, мөңгүдөн агып чыккан таштай муздак сууга бир түшүп чыгалы деген ойдо, балдар баарыбыз “ким түшпөгөн катын” деп калжаңдашып, тамашалашып барып, бирден секиргенбиз. Ошондо ушул сүрөттү Амантур Мусагул уулу деген биздин сууга түшпөй сыртта калган досубуз арамданып, тартып алыптыр. Биз жигиттер каткырып, барбаңдашып жүрүп, аны деле байкабаптырбыз. Кийин билип жатпайбызбы ал досубуздун арам экенин. Айтмакчы, ошол эс алууга белгилүү журналисттер Кубаныч Зайнидинов байкем, Мирлан Дүйшөнбаев байкем, Ардак Каныбек уулу жана башкалар да барышкан.

Эми Амантур бизге байкатпай тартып алган ошол сүрөттү минтип эл алдына чыгарып олтурганын караңыз. Ушунча болду Амантур Мусагулов деген досум жөнүндө айта кетейин. Де-Факто мурда Илим Карыпековдуку болчу. Амантур ошол гезитте иштеп, ар кимге көө жабышты ошондон үйрөндү. Андан соң азыр ал гезитти Иса Өмүркулов сатып алган. Амантур досубуз болсо, эми Иса акеси менен иштешип, ал кимди шыба десе ошону шыбап жүрөт. Ал бул сүрөттү ырсактап бизге кийин тамашалап эле тартып алгам деп көрсөткөн болчу. Мен эле эмес, ошол жерде сууга секирген жигиттердин барын тартып алыптыр акмак. Биз ага айтканбыз “ай Амантур бул кылыгың эркек кылчу иш эмес, өчүрүп сал айбан болбосоң” – деп. Бирок, ал антүүнүн оордуна Адилет Калыгулов деген Атамбаевдин пресс- катчысы Алмаз Усенов дегендин шыбакчысына берет. А Адилет Калыгулов деген кошоматчыны баарыңар тааныйсыңар. Качан болбосун Атамбаевдин оппоненттерин “Эгемен” деген сайты жана фейсбук талаасындагы толтура “фейктери” менен жамандап басып жүрөт. Кептин кыскасы ушул. Мен эми дырдай жалаңач болуп, сууга түшсөм түшүпмүн да. Адилет Калыгулов менен Амантур Мусагуловдун кожоюндары Атамбаев менен Өмүркуловдой болуп, акчага, байлыкка, коррупцияга дырдай жылаңач болуп кирип кетиптирминби? Же ошол 7 кабаттыгы кишилердей болуп кытайдан алып келе жаткан контробандалык жүгүм кашайып, аэропортко эмес, айылдын үстүнө түшүп, 39 кишини өлтүрүп кетиптирби? Же ушинтип койсоңор менин тилим кыскарып, силердин кожоюнуңарды ууру, коррупционер, контрабандист дебей тынчып калат дейсиңерби? Я Амантур? Я Адилет?

Текебаевди колдосо колдойм да. Ал менин өз ишим. Башкасын айтпаганда да ал Атамбаев, Иса Өмүркуловдордой болуп, элдин акысын уурдап, же Максимдин жерине эл кыйналып жатканына карабай, килейген “особняк” салып алган жок да! Силер эми карап тургула! Мен мурдагыдан да күчөп, силердин ууру шефтериңер жөнүндө эми чындап жазам! – деп жыпжылаңач, таптаза, эч кимдин эч нерсесин уурдабаган, АШАнын балдарына окшоп, кыргыздын электр энергиясын алып сатарлык кылып, кызыл кулактык кылбаган, кытайдан контрабанда ташып, элди кырбаган, резиденциясына эле миллион сомго арак-шарап албаган,

Бердибектин уулу Жакшылык!

P.S. Пошли вы н..!

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: