Menu

Руслан Казакбаев, ЖКнын депутаты: “Өлкөдө 123 адам 300 сомдон жумушсуздук боюнча жөлөк пул алат экен. Андан көрө бул акчаны майыптарга, пенсионерлерге кошуп берели”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-январь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоору экинчи окууда каралууда.

Жыйында депутат Руслан Казакбаев Өкмөттүн өкүлүнөн учурда эң негизги үч кесипти айтууну суранды. Өкмөттүн өкүлүнүн айтымында, өлкөдө ширетүүчү, кассир, айдоочу, курулушта иштеген жумушчулар ж.б. кызматкерлер керектигин айтты.

“2018-жылы жумушсуздук саны 60 000 болсо, азыркы күндө 70 000, 95 000 болду. Каалайбызбы, каалабайбызбы жумушсуздуктун саны жылдан жылга өсүп жатат. Жарандарыбыздын бардыгы мигрант болуп кетип жатат. АКШ, Россия, Европа мамлекеттери биздин IT кызматкерлерин, илимпоздорду, инженерлерди алып кетип жатышат. А биз болсо, ширетүүчү, айдоочулар керек деп олтурабыз” – деп  билдирди депутат.

Мындан сырткары эл өкүлү жумушсуздук боюнча жөлөк пул ар бир адамга 300 сомдон берилерин угуп, таң калганын билдирди.

“Өкмөттөн жумушсуздук жөлөк пулга канча сом бөлүнөт?” – деп депутат кызыкты.

Өкмөттүн өкүлү 5 миллион сом бөлүнөөрүн билдирди. Жыйында буга чейин өлкөдө жөлөк пул алган адамдардын саны 123 экени маалым болгон.

“Андан көрө бөлүнгөн акчаны майыптарга, пенсионерлерге бөлгүлө. Дени соо адамдарга 300 сомдон берүү туура эмес деп ойлойм.” – деп депутат өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: