Menu

Кыргыз бизнесмендеринен ким кандай фирманын, канча сомдук саатын тагынып жүрөт?

Бөлүшүү:

Дастан Жумабеков, ЖК депутаты:

-Мен тɵрт жылдан бери Щвейцариянын «Tissot» фирмасынын саатын тагынып жүрɵм. Баасы болжол менен 20 миң сомдун айланасында болсо керек.

Тɵрɵбай Зулпукаров, ЖК депутаты:

-Досторум, инилерим белек кылган 5-6 кол саатым бар. Аларды алмаштырып тагынып турам. Азыркы тагынып жүргɵн саатым «Patek Philippe» деген белгилүү фирмадан чыгарылган саат. Баасы болжол менен 40-50 миң сом болсо керек.

Аскар Салымбеков, коомдук ишмер:

-Бир топтон бери Щвейцариянын «Patek Philippe» фирмасынын саатын тагынып келем. Бул фирма Щвейцариядагы саат чыгаруучу эски фирмалардын бири болуп эсептелинет эмеспи. Баасы канча сом экендигин айтпасам деле аталган фирманын чыгарган сааты кандай баада тураарын кɵпчүлүк жакшы билет. Эгерде мен биздин эле базарлардагы арзан сааттардан деле тагынып алсам айрымдар «Салымбеков жɵнɵкɵй саат тагынбай калсын, тагынып жүргɵн сааты баланча миң долларлык болуш керек» деп сɵз кылаары турган иш.

Темир Сариев, Мурунку өкмөт башчы:

-Менин эки саатым бар, саатты ар дайым сол колума тагынам. Бири Щвейцариянын саат чыгарган «Longines» фирмасыныкы болсо, бири дагы ошол эле ɵлкɵнүн «Montblanc» фирмасыныкы. Туура кɵрсɵңүздɵр, сааттарымдын баасын айтпай эле койсом.

Рустам Маманов, жеке ишкер:

-Щвейцариянын «Ulysse Nardin» фирмасынын саатын тагынып жүрөм. Муну досторум туулган күнүмдɵ белек кылышкан. Баасы болжол менен 25 миң доллар болсо керек. Бул саатты белекке алганга чейин ɵзүм сатып алган «Patek Philippe» фирмасынын саатын тагынып жүрчүмүн. Ал сааттын баасы так эсимде жок, болжол менен 50 миң доллардын тегерегиндеги баада болчу.

Карганбек Самаков, экс-депутат:

-Эми менде кол сааттын түрү бар. Өзүм качан саат сатып алганым эсимде жок, кɵбү эле достор, жакын санаалаштар белек кылгандар. Арасында алтын сааты да бар дегендей. Алтынын тагынбайм деле, ал эми калгандарын алмаштырып тагынып турам. Булардын ичинен эң баалуусу катары «Манас Ата» жана «Улуу Саякбай» деген сааттарымды айтсам болот. «Манас» эпосун Юнеского каттатып келгенде патриот жигиттерибиз жогорудагы аталган сааттарды атайын буйрук менен жасатышып, мага белек кылышкан эле. Саат боюнча сурасаңыз, дагы бир окуя эсиме түшүп кетти. 2014-жылы манасчы Саякбай атабыздын 120 жылдыгына барганда туулуп-ɵскɵн Ак-Өлɵң айылына манасчы атабыздын музей комплексин куруу үчүн алгачкы «капсуласын» салбадыкбы. Ошондо күрɵк менен шагыл сузганда жеңим түрүлүп саатым күнгɵ жарк-журк этип калды. Бери жакта тургандар, «алтын саат экен» деп күбүр-шыбыр болуп калышты эле. «Саякбай атабыз алтын сааттан да бийик турат» деп туруп саатты чечип «капсулага» кошо салып койдум. Чындыгында ал саат баалуу эле саат болчу, бирок алтын эмес эле…

Темирлан Сарлыкбек уулу, жеке ишкер:

-Европага барганда Щвейцариянын саат чыгарган «Omega» фирмасынын курамына алтын аралашкан саатын 9 000 миң долларга алгам. Бирок саат, шакек сыяктууларды тагынгым келбегендиктен тагынбайм деле. Балам чоңойгондо белек кылайын деп катып койгом.

Булак: “Мантыш”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: