Menu

Эл аралык “Human Rights Watch” уюму Орунбековго козголгон кылмыш ишине тынчсызданууда

Бөлүшүү:

Эл аралык “Human Rights Watch” уюму, жакында адам укуктары боюнча 27-жолу 687 барактан турган докладын жарыялады. Серепке салынган 90 өлкөлөрдүн арасында, Кыргызстан дагы бар.Уюмдун пикири боюнча, адам укуктары жана сөз эркиндиги менен байланышкан маселелер жакшы жакка өзгөрбөптүр.

Докладка таянсак, өткөн 2016-жылы сөз эркиндиги боюнча алгылыктуу өзгөрүүлөр болбогонун белгилеген. Уюмдун эксперттери айткандай, 2016-жылдын 22-июнь айында Жогорку Кеңеш ММК боюнча мыйзамга чырлуу “толуктоолорду” жана өзгөртүүлөрдү киргизген, ал өзгөртүүлөргө журналисттердин коомчулугу каршы чыккан.

Андан тышкары докладда 2015-жылдын декабрь айында, эркин ММК боюнча ЕККУнун өкүлү Дунья Миятович, өлкө бийлигин “өттө ашыкча, жарандар төлөй албай турган компенсацияларды” жарандык доо-арыздарга колдонуусунун токтотушуна чакырган. Дунья Миятовичтин жыйынтыгы боюнча журналист Дайырбек Орунбековтун маселесин, ага карата президент сотко кайрылып, сот аны 2 млн. сомго жыкканы, андан кийин 2016-жылдын август айында компенсация төлөбөй жатат деп, кылмыш иши козголуп, ал ишти ноябрдан тарта сот карай баштаганы Эл аралык “Human Rights Watch” уюмунун, адам укуктары жана сөз эркиндиги боюнча 27-докладында айтылды.

Булак: hrw.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: