Шайлоо башатала электе эле чамынып чыккан Сариев туурасында «чабал өрдөк эрте учат» деп жазган элек. Жаңылышкан эмес экенбиз. Шайлоодо республика боюнча араң дегенде 42 миң добуш алды. Ушунун өзү эле кадыры анчейин эмес экенинен кабар берди. Командасы дагы күч болуп, таяныч болгонго жарабады. Натыйжада көптүн бири катары чаңдын арасында калды. Эми саясий күчтөр Сариевди салмактуу саясатчы катары кабылдап, олуттуу мамиле кылабы деген суроо туулат? Аброюна балта чаап, келечектеги саясий карьерасына көлөкө түшүрбөй, шайлоого барбай койсо болмок экен. Алына карап иш кылып, жылкысына ченеп ышкырганда минтип уят болбойт эле, аттиң…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ